“Бейиш – эненин таманынын алдында”

Аналитика, Статьялар 17 Май 2019 14:51
0 ой-пикир

20-май — “Энелер күнү”

 “Бейиш – эненин таман алдында”

«Апам деп ыйлабаса жүрөк — жүрөк эмес,

Бейишке кирсем, апамсыз керек эмес.

Бул жашоомдо эч ким апама тең эмес.

Апам бар башкалардан эч жерим кем эмес.

Бакыт, өмүр апамсыз керек эмес»

Энелер күнү президент Алмазбек Атамбаевдин жарлыгы менен 2012-жылы жарыяланганы коомчулукка маалым. Бул майрам Кыргызстанда жыл сайын май айынын үчүнчү жекшембисинде белгиленет.

«Бейиш – эненин таманынын алдында», — деп бекеринен айтылган эмес. Эне сүтүн актаган адам табылбаса керек бул дүйнөдө. 

Энеден ыйык адам жок экендигине дагы бир жолу ынанып, бир эле “Энелер күнүндө» же 8-мартта эле энелерибизди эстебестен, күнүгө аларга таазим этип, жок дегенде телефон чалып, ахыбалын сурап туруу балдары үчүн парз.

Ыраматылык Советтер Союзу ыдырап кеткенде, эркектер бош калып, аялдарга түйшүктүн баары жүктөлүп, көбүнчөсү үй-бүлөнү багышкан. Ошол кезде айымдарыбыз Орусияга иш издеп барып, балдары менен кошо күйөөлөрүн бакканын тана албайбыз. Кыйын кезеңде айымдар белин бекем бууп, башка келген түйшүктү көтөрө билишет. Ошентсе да, аялга бардык проблемаларды илип койгон да бир чети туура эмес. Ага бала багуу, үй тиричилиги менен бирге жумушун бирге алып кетүү эле жетиштүү. Арасынан айрымдары коомдук иштерге аралашып, элдин таламын талашып, чын дили менен жашоону жакшыртууга аракет кылып, салымдарын кошуп келет.

Энелер күнүн майрамдоонун башатын, кыязы, байыркы Грециянын жашоочулары Зевс кудайынын энеси Реяга арнаган жаз майрамынан издесе болот. 1600-жылдан тартып Англияда Энелик жекшембини майрамдоо салты пайда болгон. Эл аралык энелер күнүн Анна Жервис демилгелеп чыккан. Ал 1907-жылы дүйнөдөн эрте кайткан өз энесин эскерүү катары энелердин урматына майрам өткөрүүнү сунуштаган. 1910-жылы Виржиния штаты биринчи болуп Энелер күнүн расмий майрам катары тааныган. Ал эми 1912-жылы Энелер күнүнүн Эл аралык ассоциациясы түзүлгөн.

Дүйнөнүн бир катар өлкөлөрүндө бул майрам түрдүү күндөрү белгиленет.

Elgezit.kg басылмасы Жогорку Кеңештин депутаты Эмил Токтошев энесине жана балдарынын апасына эмне белек кыла тургандыгын суроо салдык.

-Жакында “Энелер күнү” Кыргызстанда майрамдалат. Бул күнү сиз апаңызга эмне белек кыласыз?

-Апам менин маңдайымда, балдарынын төрүндө отурганы эле мен үчүн чоң белек. Апамды да, аялымды да аябай сыйлайм. Өздөрүнүн каалаган белектерин алып берем. Аялыма да чоң ыраазычылыгымды дайыма билдирип келем, менин апамды өзүнүн апасындай сыйлап, бапестеп турат.

-Дегеле кыргызстандык апаларга майрамдык каалоо-тилектериңиз?

-Апалар күнү кут болсун! Бизге өмүр берип, бапестеп багып, көзүнүн карегиндей сактап, тарбияга жана билимге сугарып, мээримин төккөн сүйүктүү энелерибиз маңдайыбызда ар убак бар болушсун! Апаларыбызга бекем ден-соолук жана аялдык бакыт каалайм! Үйдүн куту болгон энелер эч качан көз жашын төкпөсүн! Убагында барктап, кадырына жетели!

Укук коргоочу Динара Оширахунова майрам тууралуу мындай дейт:

-Энелерге — алардын балдары үчүн тынчтык, ден соолук, балдарына карата энелердин жаркын үмүтү аткарылсын. Кыргызстан эне жана бала үчүн коопсуз болсун. Ден-соолук жана бардык жакшылыктарды каалайм.

Сиз балдарыңыздан эмне белек аласыз?

-Эки балам бар. Уулум мектепте окуйт, открытка жасап берет. Мен үчүн ал эң кымбат белек. Кызым студент, гүл белектейт.

— “Баатыр энелердин” көбү баатыр эне болсо дагы бул наамды ала албай келишет. Мунун себеби эмнеде?

-Мен «Баатыр эне» наамды алган эненин бирдемеси өзгөрүп кетет дегенден алысмын. Алардын пенсиясы көбөйбөсө эле, башка өзгөрүү жок. А негизи көп баланы багып, чоңойтуп алардын наамын көргөн кубанычтуураак болуш керек.

-Рахмат, маегиңизге. Келе жаткан майрамыңыз кут болсун!

«Аял – эң ириде өмүрдүн, сүйүүнүн жана боорукерликтин алып жүрүүчүсү, бекем жана бактылуу үй-бүлөнүн өзөгү», – деп билдирди, Шанхай кызматташтык уюмунун мүчө-өлкөлөрүнүн Экинчи Аялдар форумунун жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев.

Өкмөт башчы белгилегендей, бүгүнкү күнү адамзаттын алдында экология, жакырлык, демография, жумушсуздук, миграция жана качкындар маселеси сыяктуу жаңы чакырыктар келип чыкты. Ошондой эле анын айтымында, глобалдаштыруу процесси улуттук өзүнчө бир маданиятты, каада-салттарды жана дүйнө элинин тилдерин сактоо үчүн олуттуу коркунуч жаратууда.

«Дүйнөлүк өнүгүүнүн бардык терс факторлору кырдаалга салмактуу баа берүүнү жана маселелерди чечүү үчүн ШКУ өңдүү эл аралык жана аймактык уюмдардын алкагында күчтөрдү консалидациялоону талап кылат. Буга байланыштуу көрсөтүлгөн көйгөйлөрдү чечүүдөгү аялдардын тарыхый жана социалдык ролун белгилеп кетким келет», – деди Мухаммедкалый Абылгазиев.

Буга байланыштуу Премьер-министр баса белгилегендей, ШКУ коопсуздук, экономика, маданий жана гуманитардык байланыштар чөйрөсүндө жемиштүү кызматташтыктын мисалы болуп саналат.

«Индия жана Пакистандын ШКУга кириши менен бул уюмдун географиясы Евразиянын үчтөн бирин түзөт, анын аймагында дүйнө жүзүнүн калкынын 43% же 3 миллиарддан ашуун адам жашайт. ШКУ мамлекеттеринин ИДПсы дүйнөлүк деңгээлдин 20% түзөт же 15 триллион доллар. Ал эми буга мүчө болуп кирген өлкөлөрдүн экономикасы орточо 5%га өсүүдө», – деп белгиледи ал.

Премьер-министр кошумчалагандай, Кыргызстан быйылкы жылдагы ШКУдагы төрагалыгы алкагында жана уюм түзүлгөн учурдан тартып анын келечектүү калыптануусуна татыктуу салым кошуп келет.

Өкмөт башчы ШКУ мүчө-өлкөлөрүнүн орун алуусуна жеке салымын кошкон көрүнүктүү аялдарга токтолду. Ал ошондой эле Кыргыз Республикасынын экс-президенти Роза Отунбаеванын заманбап кыргыз мамлекеттүүлүгүн бекемдөөдөгү ролун белгилеп өттү.

«Кыргызстандын аялдары коомубузда бардык мезгилдерде өзгөчө макамга ээ болуп келишкен жана бүгүнкү күнү жаңы турмушту курууга көмөктөшүп жатышат. Буга Кыргызстан эгемендүүлүк алгандан кийин гендердик теңдик жана адам укуктары боюнча негизги эл аралык милдеттерди өзүнө алганы өбөлгө болду», – деп баса белгиледи өкмөт башчы.

Мухаммедкалый Абылгазиевдин айтымында, учурда өлкөдө гендердик саясаттын ар түрдүү багыттары боюнча  көптөгөн аялдар жана гендердик уюмдар иштейт.

«Мындан тышкары Кыргызстанда 2020-жылга чейин Гендердик теңчиликке жетишүү боюнча улуттук стратегия кабыл алынган жана ишке ашырылып жатат. 2018-жылдын ноябрында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечими менен 2018-2020-жылдарга карата Кыргыз Республикасында гендердик теңчиликке жетишүү боюнча аракеттердин улуттук планы бекитилген. Кыргызстандын экономикалык активдүү калкынын 68%ын аялдар түзө тургандыгын эске алуу менен, аялдардын лидерлигин колдоо өлкө Өкмөтүнүн ишиндеги артыкчылыктуу багыттардын бири болуп саналат», – деди ал.

Иш-чарага Кыргызстандын экс-президенти Роза Отунбаева, ШКУ баш катчысынын орун басары Айзада Субакожоева, Казакстандын Премьер-министринин орун басары Гульшара Абдыкаликова, Өзбекстандын Премьер-министринин орун басары Танзила Нарбаева, Бүткүл Кытай Аялдар федерациясынын төрайымынын орун басары Ся Цзе, Россия Аялдар биримдигинин төрайымынын орун басары Надежда Ремнева, ошондой эле ШКУ мүчө-өлкөлөрүнүн коомдук жана мамлекеттик ишмер аялдары жана дипломатиялык корпустун өкүлдөрү катышышты.

Түркиянын “Халка хизмет” борборунун психологу Сүрейа Яалчын аялдардын эмгеги тууралуу буларга токтолду. “Аялдардын көпчүлүгүнүн аң-сезиминде намыс үчүн, балдар үчүн кандай жумуш болсо да аткарыш керек деген нерсе калыптанып калган. Мындан улам алар ысык-суукка карабай, ден-соолугун кетирип иштеп жатышат. Андан да маанилүүсү аялга таандык болгон сулуулук, назиктик деген түшүнүк жоголуп кеткен. Базарда тапкан күнүмдүк акча ашып кетсе бир канча күнгө жетет, ал эми андан жабыр тарткан ден-соолук адам өмүрүнө коркунуч алып келет”. Мындан тышкары психолог мамлекеттин  базарларда жакшы шарт түзүп берүүсү керек экенин кошумчалады.

Бул эжелерде жан сактоо коопсуздугу(страховка) жок, жумушчу китеби(трудовая книжка) жок, жумуш орундары жок, бир күнү соодасы жакшы болсо, бир күнү болбойт, иш уруксааты жок эгер каалашса аларды ал жерлерден кууп да салышат, жогоруда сөз болгондой күнүгө ар кандай көйгөйлөргө  дуушар болушат, митип иштебеске да аргалары жок. Жан багыш керек, үй-бүлөнү багыш керек, — деп жазган Чагатай Чаган Ылмаз.

Кыз-келиндер кабылган зордук-зомбулукка каршы күрөш боюнча ар кандай иш чаралар өлкөбүздө жана дүйнө жүзүндө тынбай өткөрүлүп келет. Бириккен Улуттар Уюмунун маалыматына караганда, дүйнөдө ар бир үчүнчү аял зордук-зомбулуктан жапа чегет.

Мурдагы Советтер Союзунун курамына кирген мамлекеттерде бул жагынан абал кандай?

2017-жылдан бери Орусияда үй-бүлөлүк зомбулук кылмыш деп эсептелбейт. Ал укук бузуу категориясына кирет. Ал эми жапа чеккен адам чындап эле зордук-зомбулукка кабылганын сотто далилдеши керек.

Бириккен Улуттар Уюмунун маалыматына караганда, Орусияда ар бир 40 мүнөттө күйөөсүнүн, ойношунун же тууганынын колунан бир аял көз жумат.

“Жашоодон качышат”

“Тамактын тузу кем болуп калса, казанды башыма кийгизип салчу. Бир жолу мени көздөй бургуну ыргытты, ал кыйгап өтүп эшикке сайылып калды. Ошол маалда кызым кирип келаткан эле, бургу аз жерден анын башына тийип кала таштады”.

Орусиялык Наталья Радиевская ошол окуядан кийин күйөөсүнөн биротоло кетүүнү чечкен. Ал сыяктуу зомбулукка кабылган аялдар көп экенин билгенде Наталья “Фейсбукта” атайын баракча ачкан.

— Мен социалдык тармакта баракча ачып, сүрөт жайгаштыргандан кийин ага катталгандар тездик менен көбөйө баштады. Мен мурда кара өзгөй күйөөнүн зомбулугуна чыдап жүргөн биз сыяктуу акылсыз аялдар аз деп ойлочумун. Бирок азыр бул баракчага катталгандардын саны 10 миңден ашты. Ар бир үчүнчү аял зордук-зомбулукка кабылат.

Наталья ачкан баракчага кайрылган аялдарга администраторлор юристтерди тапканга, муктаждарга акча чогултуп ижарага батир алып берүүгө жардамдашат.

— Бардык эле аялдар зөөкүр күйөөсүнөн качып кете алышпайт. Айрымдары жашоодон качып кетишет. Кээде баракчабызга ушундай абалда кайрылганда биз ошол замат психолог таап, жардам бергенге аракет кылабыз, — деп кошумчалады Радиевская.

​Орусияда үй-бүлөлүк зордук-зомбулукка каршы мыйзам кабыл алууну юристтер Мамлекеттик Думадан бир жылдан бери талап кылып келатышат. Учурда Орусияда зомбулукка кабылган аялдар үчүн 150гө жакын жеке менчик кризистик борбор бар. Эмгек министрлигинин маалыматына ылайык, мамлекеттик борборлордун саны 20нын тегерегинде. Наталья полиция жардам берүүнүн ордуна, тескерисинче, аялдарды шылдыңдай турганын айтты:

— Каткырышып: “Сенин аялың эмне эле экиленип жатат, жакшыраак тарбиялабайсыңбы?” деп келекелешет. Алардын арасында эркектик тилектештик бар имиш. “Аялың ушуга өзү жеткирдиби? Жакшылап ага түшүндүрүп кой» деп эркектерди колдошот.

​Украинада жаза күчөтүлөт

Орусиядан айырмаланып, Украинада үй-бүлөлүк зомбулук үчүн жаза кийинки жылдан тартып күчөтүлөт. Тиешелүү мыйзамга мамлекет башчы Петро Порошенко быйыл кол койду. Ага ылайык, ур-токмок гана эмес, моралдык жана экономикалык басым да зомбулук деп эсептелет. Документте үй-бүлөлүк зомбулуктун курмандыктары үчүн атайын борборлорду негиздөө да каралган. Мыйзам ошондой эле расмий никеге турбаган түгөйлөрдү да коргойт. БУУнун маалыматына караганда, Украинада жыл сайын миллиондой кыз-келин үй-бүлөлүк зомбулукка дуушар болушат. Алардын бири – Оксана.

— Ал мени үйдө камап алып сабачу, — дейт ал. — Үстүмө чыгып алып секирип, тепкилеп, колу-буту менен туш келди урчу. Бир жолу бетим жарылгыча урду, кан көпкө чейин токтобой акты. Балдарым “Апама тийбе!” деп кыйкырып ыйлап турушчу. Ал эми бир жолу алдыма бычак менен жипти коюп: «Же муунуп өл, же кан тамырларыңды кес же балкондон секир» деп айтты.

Оксана акыры балдары менен үйүнөн качып чыккан. Ал полицияга арыз жазып кайрылганы менен эч кандай жардам болгон эмес.

Учурда Украинада үй-бүлөлүк зомбулук үчүн беш доллар өлчөмүндөгү айып же коомдук иштерге тартуу түрүндө жаза каралган. Бирок кийинки жылдан тартып үй-бүлөлүк зомбулук көрсөткөндөр эки жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн.

Латвияда аялдар эч жакка кайрылышпайт

Расмий статистикага караганда, Латвияда ар бир үчүнчү аял үй-бүлөлүк зордукка кабылат. Бирок алардын дээрлик жарымы эч жакка кайрылбайт.

Ингуна 19 жашында турмушка чыккан. Үйлөнгөндөн көп өтпөй эле күйөөсү кол көтөрө баштаган. Бирок ал эки балалуу болгондон кийин гана күйөөсүнөн кетүүнү чечкен.

— Мен эки баламды жетелеп, эки сумканы көтөрүп чыгып кеттим, — дейт Ингуна. — Биротоло кетүү тууралуу чечимди жарым саатта кабыл алдым. Үйдөн чыгып баратканда кызым “апа, биз бул жакка экинчи келбейбиз деп убада берчи” деп жалдырады”.

Ингуна башка шаарга көчүп, университетке тапшырып, иштеп, эки баласын өзү өстүрүп жатат. Мурдагы күйөөсү менен өзү да, балдары да андан кийин жолугушкан эмес.

Аялдардын “Марта” аттуу кризистик борборуна мындай окуяны башынан өткөргөн аялдар дээрлик күн сайын кайрылышат.

“Эгер зомбулук үй-бүлөнүн ичинде болсо коом аны жеке жашоо катары карап, кийлигишүүнүн кажети жок деп эсептейт», — дейт кризистик борбордун башчысы Илута Лаце. Борбордо кордук көргөн аялдар менен психологдор, юристтер, социалдык кызматкерлер иштешет. Муктаждарга убактылуу баш калкалоочу жайлар берилет.

Ал эми Кыргызстанда аялдардын укугун коргогон «Сезим» кризистик борбору бар. Аны жетектеген Бүбүсара Рыскулова аталган жай кризистик борборлор донорлордун гана эсебинен иштеп келерин жана жардам берүүнү каалагандар дайыма эле боло бербей турганын белгилейт:
«Кошуна Казакстанды эле мисалга ала турган болсок, аларда чоң имараты менен 60ка жакын кызматкери бар, мамлекеттик кризистик борборлору бар. Өлкө өзү бул ишти колго алып, мүлкү конфискацияланган кылмышкерлердин үйлөрүн кризистик борборлорго ыйгарган жана анын каржы маселесин да толугу менен мамлекет өзү чечет. Бизде мыйзам болгону менен ал жакшы аткарылбайт. Мисалы, биздин борбор 20 жылдан бери түрдүү зордук-зомбулуктарга кабылган кыз, келин, балдарга жардам берип келет. Беш бөлмөдөн турган 20 кишиге ылайыкташкан имаратыбыз бар. Мэрия ижара акысынан бошоткон, Социалдык өнүктүрүү министрлиги бөлгөн каражат коммуналдык кызматтарды төлөгөнгө эле жетет. Башкача айтканда, жылдык чыгымыбыздын беш пайызын жабат. Андыктан, кризистик борборлордун саясатын өлкө өзү жүргүзүп, бөлүнгөн каржынын көлөмүн да көбөйтсө деп сунуштап жатабыз», — дейт Рыскулова.

«Биздин негизги багытыбыз адамдардын сезимдери менен иштөө…»

-Биздин кризистик борбор жаңы ачылып жатканда аталышын кандай коёбуз деп ойлонуп, көпкө чейин тапкан жокпуз. Жөн эле аялдар жана балдар үчүн “Сезим” кризистик борбору деп койгонбуз. Ал кезде чакан тобубуздагы адамдар болуп отуруп, “чувство” деп коёлу, анткени биз адамдардын аң сезими менен иштешебиз деген сунуштар болду. Анан бир кызыбыз дароо эле которо койду. Келгиле “Сезим” деп коёбуз деп. Ошентип биздин борбордун аталышы “Сезим” деп аталып калган. Эмне үчүн дегенде биз жүрөгүбүз ооруса же суук тийсе ооруканага барып, доктурга көрүнөт эмеспизби. Ал эми ички сезимдерибиз кыжаалат кылса өзүбүз менен өзүбүз калып, кыйналабыз. Ошон үчүн биздин негизги багытыбыз адамдардын сезимдери менен иштөө.

Асыл апам…сен дегенде

Жарык дүйнө. Ай ааламга нурун чачат, өмүр берет, жашоо берет. Үмүт, максаттар бүрдөп келет. Ох, жарык дүйнөнүн керемети кандай ардактуу, кандай урматтуу. Ушундай жыл кереметти эне тартуулайт. Ошондуктан, эненин бутунун асты бейиш, чынында бейиш. Бизди жарыкка алып келген беш уул-кызыңды таштап, тозокко салгандай болуп кыйналдым. Бизди эрежеге жеткирип, окутуп, ыраматылык апам билим алууну  биринчи орунга коер эле. Атүгүл, үйдөгү майда-чүйдө жумуштарды бизге жасатпай, бар, сабагыңды оку, андан көрө деп айтканы азыр да кулагыма угулуп турат. Бирок апамды оорун колдон жеңилин жерден алып, жанында эмне кылса, ошону кылып, жардам берип чоңойдук. Анын берген тапшырмаларын баарын так аткарчубуз. Өзү болсо дилгир, эмгекчил, колунан көөр төгүлгөн асылкөй уз адам эле. Кесиби болсо тикмечи.Тикмечи адамдын жакасын агартат, сулуулугун арттырат. Эмгек жолун ыраматылык апам Балыкчы шаарынан баштап, Чолпон-Атадагы Тиричилик комбинаттарында уланткан. Көп жылдар эмгектенген кезегинде тажрыйбасы мол болгондугу үчүн ар кандай кароо-сынактарга активдүү катышып, Ардак грамоталардын ээси болгон. Мен, эжем, сиңдим апамдай болуп тикмечи болгубуз келип, жанына барып үйрөнүп алалы дечүбүз. Апам болсо кайра бизди “сабак окугула, муну эмне кыласыңар” десе, биз апамды жаман көрүп калчубуз. Көрсө апамдын кесиби абдан түйшүктүү, көздүн майын алган жумуш тура. Ал тургай ден соолукка зыян экендигин билип, бизге залакасы тийбеси деген тилеги менен татаал кесибинен арылтайын деген экен… Ал кесиптин терс таасирин эми билдим. Эртеден кечке отура бергенден, адам ар кандай ооруга чалдыгат. Бир эле сантиметр же миллиметрден туура эмес ченеп кесип койсоң бир кийим бүтүн жарабай калат. Эмгегиң болсо, текке кетет.  Мына ушундай оор кесипти апам өмүр бою аркалап жүрдү.

Кийин союз урагандан кийин апам соода-сатык менен алектенди. Бир жерде турбаган, жоктон барды чыгарган адам эле. Биз да жөн турбай, «оорун колдон алып, жеңилин жерден алып»,- дегендей жанында жүрүп кошо соода кылып көптү үйрөндүк десем жаңылышпайм. Огородко алма, өрүк, алча, кара өрүктүн түрлөрүн алып келип, тигип аларды балдарындай багып өстүрдү. Дасторконго жер-жемиштерди толтурган. Берешен, эч нерсесин аябаган жадырап-жайнаган айым эле.

Жаңы жыл, Нооруз, 8-март, туулган күн, Энелердин күнү сыяктуу майрамдарды кимди куттуктаарымды билбей ичимен бушайман болуп жаман болом. Апам ар дайым менин жүрөгүмдө!

Апамдын жаткан жери жайлуу, топурагы торко болсун!

Жазгүл Урмамбетова – атайын Elgezit.kg үчүн 

 

 

 

 

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.