Мирбек Атабековдун апасын тоноп кетти деген маалымат жалган

Окуялар тизмеги 13 Май 2019 10:43
0 ой-пикир

Белгилүү эстрада жылдызы Мирбек Атабековдун апасын сабап, 70 миң $ акчасын уурдап кетишти. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар жазганы жалган. Ырчынын апасын белгисиз адамдар катуу сабап, 70 миң доллар акчасын уурдап кетишти деген маалымат жалган экенин бүгүн, 13-майда ырчынын жубайы Мээрим Төлепберген  маалымат берди.

«Азыр бизге телефон чалуулар болуп, бул тууралуу сурашты. Жок, андай болгон жок, тарап жаткан бул маалымат жалган. Баары жакшы, апабыз жакшы жүрөт», — деди ырчынын жубайы.

Буга чейин жергиликтүү маалымат булактарына Мирбек Атабековдун апасы жашаган Октябрь районундагы Гвардейская көчөсүндө жайгашкан үйлөрдүн бирине белгисиз 3 адам беткапчан кирип, тоноп кетишкени жазылган. Анда белгисиз адамдар ырчынын апасын катуу ур-токмокко алып, колдорун байлап баалуу буюмдарын алып кетишкен деп жазып чыгышкан. Келтирилген чыгымдын жалпы суммасы 70 миң долларды түзгөнү  маалыматтарда жазылган.

 

Сүрөт интернеттен алынды

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.