Владимир Зеленский: «Ачкычты тапшырып, ордуңузду бошотуңуз»

Окуялар тизмеги 12 Май 2019 17:27
0 ой-пикир

Украинанын жаңы шайланган президенти Владимир Зеленский Жогорку Радага чукул кайрылуу жасады. Анда Зеленский парламенттин депутаттарын сынга алып, президенттик кызматка киришүү аземин 19-майга дайындоо керектигин айтты.

«Силер 3 жума эс алып, депутаттык антты унуткан жоксуңар деп үмүттөнөм. Азырынча силер өз кызыкчылыгыңар үчүн иштеп, Раданын таркатылышынан коркуп, президенттик кызматка киришүү аземинин мөөнөтүн кечиктирип жатасыңар», — деди Зеленский. Андан соң ал азыркы президент Петро Порошенко учурда туура эмес иштерди жасап жатканын баса белгилеп, аны Египеттеги туристке салыштырды.

«Порошенко армиянын жогорку жетекчилигинде, Жогорку сотто кызматтык дайындоолорду жасап жатат. Анын аракеттери Египетттеги мейманканадагы туристти эске салууда: эртең үйгө жөнөш керек болгондо, чемодандар даярдалып, бөлмө жыйнаштырылып бүткөндө, тарбия көргөн адам аэропортко барууну күтөт. Бирок Порошенко эмес. Ал эч токтобой жатат. Сүлгүнү, бут кийимди, столдогу бардык тамак-ашты топтоп алып жатат. Мен суранат элем: ачкычты тапшырып, ордуңузду бошотуңуз», — деп Порошенкого кайрылды Зеленский.

Сүрөт интернеттен алынды

 

 

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.