Уран кенине байланышкан чуу боюнча аналитика

Аналитика, Статьялар 07 Май 2019 12:33
0 ой-пикир

Жалпы абал

21-апрелде Кыргызстан боюнча Ысык-Көл облусундагы Тоң районунун Таш-Булак уран кенинде геологиялык чалгындоо иштери жүрүп жатканы тууралуу маалымат тарады. Чалгындоо ишин 2010-жылы лицензия алган “ЮрАзия” компаниясы жүргүзүп жаткан. Социалдык тармактарда уранды казууга каршы кол топтоо башталды. 22-апрелде Кубакы ашуусунда жергиликтүү тургундар уран кендерин казууга каршы митингге чыгышты. Калктын талабына Өкмөт тез реакция кылды. Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев экологиялык экспертиза аяктаганга чейин уран кениндеги ишти токтотуу тапшырмасын берди. 23-апрелде КСДП партиясы билдирүү таратты. Партия Кыргызстандын аймагында уран казууга дайым каршы болуп келгенин жана каршы боло берерин белгилеп, каршылык акцияларына активдүү катышарын билдирди. Кийинки күнү эле КСДПнын басма сөз кызматы дагы бир билдирүү таратып, “ЮрАзия” компаниясынын лицензиясынын бир канча жолу узартылганына аталган партиянын лидери Алмазбек Атамбаев тиешеси жок экенин билдирди. Уран казууга каршы митингдер Бишкекте улана баштады. Кен боюнча талкууга Парламент да кошулду. Депутаттар уранга каршы дароо эки Мыйзам долбоорун сунушташты. Жогорку Кеңеште 2-майда Өкмөткө радиоактивдүү элементтер бар кендерди иштетүүгө, геологиялык чалгындоо иштерин жүргүзүүгө тыюу салуу, уранды казуу жана чалгындоого лицензия алган баардык компаниялардын ишин иликтөө сунушу менен токтом кабыл алынды. 4-майда Президент Сооронбай Жээнбеков Конституциялык палатанын сотторун кабыл алып жатып мындай деди: “Коомчулукта Ысык-Көл облусундагы Кызыл-Омпол аймагында уран кенин казуу маселеси кызуу талкууланууда. Биздин жарандар тынчсызданып жатышат. Кыргызстанда уран казылбайт!”.

Жыйынтыктар:

· Өкмөт өлкөнүн стратегиялык кызыкчылыктарын, өнүктүрүү багытын аныктаган эмес. Кыргызстанда болуп жаткан баардык окуяларга “өрт өчүрүүчүлөрдөй” реакция кылып жатат. Жаңы кодекстерди кабыл алганда дагы ушундай абал болгон. Уран менен байланышкан чууда дагы ушундай болду. “ЮрАзия” Ысык-Көлдө чалгындоо иштерин баштаганы кечээ эле белгилүү болгон жок. Компания сунуштап жаткан уранды казуу ыкмалары чындыгында эле коопсуз болсо, экологияга жана туризмге зыян келтирбесе, өлкө экономикасы үчүн пайдалуу болсо, анда Өкмөт калктын нааразычылыгынын алдын алуучу чараларды көрүп, теманын ашыкча саясатташып кетүүсүнө жол бербеш керек болчу.

· Өкмөт маалыматтык согуштан да жеңилди. Уран көптөгөн өлкөлөрдө казылат. Анын ичинде коңшу Казакстанда. Уран стратегиялык чийки зат экенине карабастан аны казуу жана иштетүү ыкмалары боюнча “жашыруун” грифи бар. Казакстанда мамлекеттик түзүмдөр журналисттер, блогерлер жана жарандык коомдун өкүлдөрү үчүн Казатом ишканаларына “ачыш эшик күндөрүн” өткөрүп турат. Мындай учурларда маалыматтардын ачык, жеткиликтүү болушу, иштердин ачык болгону калк менен диалог түзүүгө жардам берет. Себеби калк чындыкты билүүгө укуктуу.

· Уранды казууга каршы митингдер калктын бийликке ишенбестигинен кабар берет. Бизде чечимдерди кабыл алуу, анын ичинде лицензия тармагында дагы чечимдерди кабыл алуу боюнча түшүнүктүү механизм жок. Жоопкерчилик дагы жок. Калк өлкө үчүн стратегиялык чечимдер кандай кабыл алынарын жана алар үчүн ким жоопкерчилик аларын түшүнбөйт. КСДП партиясынын маалыматы боюнча, экс-президент Атамбаев президент болуп турганда дагы, премьер-министр болуп турганда дагы “ЮрАзия” компаниясынын лицензиялары боюнча чечим кабыл алган эмес. Анда өлкөдө мындай маанилүү, уран казуу сыяктуу улуттук кызыкчылыктар менен байланышкан маселелер кандай деңгээлде каралат? Эл бийликке ишенбегендиктен өзү баарын чечип койду жана эч кандай сүйлөшүүлөргө барбайт. Эл баарын чечип койду жана артка кайтпайт. Көз карандысыздык жылдарында бийлик аны дайыма алдап келди.

· Өкмөт чечимдерди кабыл алып жатканда эмоцияларды эле жетекчиликке алганы туура эмес. Биз аткаруу бийлиги уран кенин казууга каршыбы же макулбу так позициясын биле алган жокпуз. “Элдин пикирин угуунун” жана “көпчүлүктүн шары менен иш алпаруунун” ортосундагы чекти сезүү, билүү керек. Бирок бийлик эрки бар үчүн бийлик жана керек болгон учурда чечимдерди кабыл алып, алар үчүн жоопкерчилик ала билиши зарыл. Бул хирургиялык операция сыяктуу. Башында оорутат, начар болот, бирок кийин узак өмүр сүрүүгө мүмкүнчүлүк ачылат. Бирок албетте бул негизделген чечимдер болгон учурда гана таасир берет.

· Бул тарыхта калчу окуя боюнча чууга президент чекит коюусу керек. Уран казуудан кандай пайда болору бизге белгисиз. Өлкөнүн инвестицияларды тартуу боюнча аброю жок экенине көнүп деле бүттүк, ал эми Ысык-Көл сыяктуу туристтерди тарткан берметибизден айрылып калууну эч ким каалабайт.

Elgezit.kg редакциясы

P.S. Белгилүү авторлор Сере Чалканова менен Эмил Жураевдин жогоруда чыга турчу макалаларынан соң Elgezit.kg уран кенине байланышкан макалаларынын циклин токтотот.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.