Кызыл-Омполдон башка дагы уранды изилдегенге 4 лицензия берилген

Окуялар тизмеги 02 Май 2019 14:58
0 ой-пикир

Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитеттин жетекчиси Эмил Осмонбетовдун маалыматына караганда, Ысык-Көл облусунда уран кенин чалгындоого жалпы төрт лицензия берилген.

Бул тууралуу ал 2-майда Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында билдирди:

— Төрт лицензия бар. Алар: Жети-Өгүз районундагы Сары-Сай аянтчасы, Ак-Суу районундагы Сары-Жаз жана Бүркүт аянтчасы. Анан ушул Кызыл-Омпол.

Бүгүн Жогорку Кеңеш Кызыл-Омпол маселесин талкуулап, өкмөттүн маалыматын угуп жатат.

Кыргызстанда уран кенине байланыштуу баш-аягы 18 лицензия берилгенин ага чейин биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов айткан.

Жетекчинин берген маалыматына караганда, тогуз лицензия жалаң уранды жана калган тогузу уран менен кошо башка да металлдарды чалгындоого берилген.

Ал эми Кубатбек Боронов учурда иштеп жаткан өкмөттүн тушунда бир да лицензия берилбегенин кошумчалады.

Ысык-Көлдүн Тоң районундагы Кызыл-Омпол кенинде уран чалгындоого каршы нааразылык акциялары уланып, эл уранды казууга түбөлүк тыюуу салынсын деген талаптарды коюп жатышат.

Өкмөт Кызыл-Омпол кени боюнча «Кыргызстандагы ЮрАзия» компаниясына берилген лицензия кайтарылып алынганын, кенди иштетүүгө толук тыюу салынганын айткан.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.