Ак-Үй алдындагы митинг: Урааныбыз: «Уранды казууну токтотуу»

Окуялар тизмеги 26 Апр 2019 10:33
0 ой-пикир

Бүгүн, 26-апрелде Ак үйдүн алдында урандын казылышына каршы жарандар нааразычылык билдирип чогулушту. Болжол менен 50 чамалуу адам бар. Ал эми коомдук тартипти милиция кызматкерлери көзөмөлдөп жатышат.

Тарыхчы Элери Битикчинин айтымында, алар уранды казууга толугу менен тыюу салууну талап кылышат. Алар жөн гана мораторй киргизүүгө макул эмес.

Учурда Кызыл-Омпол аймагында уран кенине байланышкан иштер толугу менен токтоп турат. Өкмөт ведомстволор аралык комиссия иштеп жатканын, иликтөөнүн жыйынтыгы менен чечим кабыл алына турганын билдирди.

25-апрелде биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов премьер-министрдин Ысык-Көл облусунун Тоң районунда жана Нарын облусунун Кочкор районунда жайгашкан Кызыл-Омпол уран кенинде экологиялык экспертиза аяктаганга чейин бардык иштерди токтотуу жөнүндө тапшырмасын аткаруу менен таанышты.

Кубатбек Боронов белгилегендей, учурда кенде бардык иштер токтотулду. Техникалар кайтарылып, инфраструктуралык объекттер мөөр басылып бекитилген, деп билдирди өкмөттүн басма сөз кызматы.

«Өкмөт башчынын тапшырмасы боюнча уран кенинде бардык иштер токтотулган. Аталган кен боюнча экологиялык жана техникалык экспертизаларды эске алуу менен ведомстволор аралык комиссиянын иши жүргүзүлөт», — деди ал.

Сүрөт интернеттен алынды

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.