Кубатбек Боронов баш болгон өкмөт мүчөлөрү Кызыл-Омполго кетишти

Окуялар тизмеги 25 Апр 2019 11:07
0 ой-пикир

Өкмөттүн биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов баш болгон өкмөт мүчөлөрү Кызыл-Омпол уран кени жайгашкан Көк-Мойнок айыл аймагынын тургандары менен жолугуу үчүн Тоң районуна кетишти.

Бул туурасында премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев бүгүн, 25-апрелде Жогорку Кеңеште отчет берип жатып билдирди.

«Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитеттин жетекчиси Эмил ОсмонбетовАйлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарба мамлекеттик агенттигинин жетекчиси Абдыкалык Рустамов, Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча инспекциянын жетекчиси Жолдошбек Жунушов болуп жөнөштү. Алар Тоң районунун эли менен жолугуп, уран кенин чалгындап жаткан ишкананын абалы менен таанышат», — дейт Мухаммедкалый Абылгазиев.

Өкмөт башчынын маалыматына караганда, уран кенинде иштеп жаткан «Кыргызстандагы ЮрАзия» компаниясынын техникалары 24-апрелден тарта кендин аймагынан чыгарыла баштаган.

Сүрөт интернеттен алынды

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.