Казакстандын бийликтеги «Нур-Отан» партиясы азыркы президент Касым-Жомарт Токаевди 9-июнда өтө турган чукул президенттик шайлоого талапкер катары бекитти.
Токаевдин талапкерлигин көрсөтүү тууралуу партиянын төрагасы Нурсултан Назарбаевдин сунушун 23-апрелде Нур-Султан шаарындагы курултайга чогулган делегаттар бир добуштан колдошту.
Сүрөт интернеттен алынды