«Белизгейттен» — «жашыруун» деген гриф алына элек

Окуялар тизмеги 17 Апр 2019 11:46
0 ой-пикир

Башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов «Белизгейт» деген ат менен белгилүү болгон кылмыш ишинен «жашыруун» деген гриф алына электигин билдирди:

«Бул иш боюнча кылмыш ишин козгоодон баш тартуу чечими кабыл алынган. Мыйзам боюнча тараптар материал менен таанышууга укугу бар. Бүгүнкү күндө «жашыруун» деген гриф алынган эмес».

Жамшитов бул тууралуу Жогорку Кеңеште прокуратура органдарынын 2018-жылдагы аткарган иши тууралуу отчет берип жатып айтты.

Былтыр жыл аягында Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетте (УКМК) түзүлгөн комиссия «Белизгейт» боюнча кылмыш ишинен «жашыруун» деген грифти алып салуу боюнча иштеп жатканы кабарланган.

2016-жылы УКМКнын ошол кездеги жетекчиси Абдил Сегизбаев айрым депутаттар 2012-жылы «Альфа Телекомдун» мамлекетке өткөрүлбөгөн 50% акциясын сатууга аракет кылгандыгы Белиз өлкөсүнөн келген документтерде көрсөтүлгөнүн айтып чыккан.

Сөз болуп жаткан документтерде саясатчылар Өмүрбек Текебаевдин, Аида Салянованын жана Алмамбет Шыкмаматовдун аты-жөнү жазылганын кабарлаган.

Кийин документтин түп нускасы УКМКда жок экени белгилүү болгон.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.