Камчыбек Ташиев: «Мурдагы жана азыркы президенттердин саясий тиреши чоң жаңжалга алып баратат»

Окуялар тизмеги 09 Апр 2019 14:03
0 ой-пикир

ЖКнын мурдагы депутаты Камчыбек Ташиев 2010-жылдагы ыңкылаптын үмүтү акталбай жатканын айтып, бийликти ири реформаларга барууга үндөдү. Бүгүн, 9-апрелде Бишкекте уюштурган басма сөз жыйынында саясатчы 2010-жылдан кийинки бийлик түзгөн система менен мамлекет өнүкпөй турганын айтып, саясий реформа кылууга үндөдү. Эгер бийлик мындан баш тартса, аны элдин жардамы менен ишке ашыра турганын белгиледи.

Ошондой эле ал мурдагы президент Алмазбек Атамбаев менен азыркы президент Сооронбай Жээнбековду тирешүүнү токтотууга чакырды:

— Дал ушунун айынан жаңы президент шайланган бир жарым жылдан бери эл күткөн өзгөрүүлөр болбой, реформа аксап жатат. Бул абал экономиканын начарлап, эл турмушунун ылдыйлашына себеп болууда. Экөөнүн тиреши коомду экиге бөлүп, тынчтыкты бузуп, саясий кырдаалды кескин начарлатууда. Мурдагы жана азыркы президенттердин саясий тиреши чоң жаңжалга алып баратат. Бул апаатты токтотуп калбасак болбойт.

Ташиев чыңалып бараткан саясий абалды жайгаруунун жолу катары соттук-укуктук реформаларды тездетип, азыркы өкмөттү таратууну сунуш кылды. Өкмөттү «жөндөмсүз» деп атаган Ташиев бийликке оппозиция эмес экенин белгиледи. Андан тышкары, ал түрмөдөгү саясатчылар Өмүрбек Текебаев менен Садыр Жапаров мыйзамсыз камалганын белгилеп, аларды эркиндикке чыгаруу зарыл экенин айтты.

Камчыбек Ташиев 2010-жылы «Ата Журт» партиясынын лидери катары Жогорку Кеңешке депутат болгон. Кийин бийликти басып алуу аракети үчүн айыпталып камалып, кайра акталган.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.