Ала-Бука: Унаасы менен 35 жаштагы жаран тирүүлөй күйүп кетти

Окуялар тизмеги 05 Апр 2019 13:58
0 ой-пикир

Жалал-Абал облусунун Ала-Бука айылындагы Ибрагимов көчөсүндө 35 жаштагы жаран унаасы менен кошо тирүүлөй күйүп кеткен. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, ДЭУ-Матиз үлгүсүндөгү жеңил унаа толугу менен күйүп кеткен. Өрттүн кесепетинен унаанын айдоочусу 1984-жылы туулган К.Э. аттуу жаран каза болгон. Маркумдун сөөгү милиция кызматкерлерине өткөрүлүп берилди.
Өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.