РФ-КР: Кант чыгаруучу завод курулат

Окуялар тизмеги 28 Мар 2019 15:08
0 ой-пикир

Кыргызстандагы «Кошой» жана «Кайыңды Кант» заводдору, айыл чарба жана мелиорация министрлиги орусиялык «Продимпекс» компаниясы менен кызматташуу меморандумуна кол коюшту.

Аталган расмий документ сегизинчи кыргыз-орус аймак аралык конференциясында кабыл алынды. Кызматташуу келишимине ылайык, эки тарап кумшекер чыгаруучу биргелешкен ишкана курмакчы. «Продимекс» заводунун директорунун орун басары Дмитрий Пискунов Орусия тарап биринчи кезекте кыргызстандык заводдорду башка өлкөлөрдөн кирип жаткан арзан кум шекер импортунан коргойт деп ишендирди.

“Биз жергиликтүү өндурүүчүлөр үчүн каражат бергенге даярбыз. Жакында бул багытта практикалык жумуштарды баштайбыз”,-деди Пискунов.

Расмий маалымат боюнча Кыргызстандын кумшекерге болгон жылдык керектөөсү 150 миң тоннага жакын. Бул керектөөнүн 10 пайызын гана өлкө камсыз кылат.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.