Адиль Турдукулов, активист: «Сегизбаев менен Жолдубаева камалышы керек»

Окуялар тизмеги 18 Мар 2019 14:44
0 ой-пикир

КТРК кантип Аксы окуясын жашырып, элди экиге бөлүп келсе, азыр деле жакпагандарга карата “Белизгейтти” токуп коёт. Ошону жасаган Абдил Сегизбаевге жана Индира Жолдубаевага карата кылмыш иши ачылып, алар камалышы керек.

Атамбаевдин эң башкы жетишкендиктеринин бири – Борбор Азия мамлекеттеринин тарыхында биринчи жолу бийлик өткөрүп бергендигинде жана парламентаризмди орнотууга жол ачканы.

Биздин азыркы талабыбыз бул салтты улап 2023-жылы, 4 жылдан кийин Сооронбай Жээнбеков бийликти тынч жолу менен, адилеттүү шайлоо аркылуу өткөрүп бериши керек. Экинчиден, парламентаризмди аягына чейин орнотуу.

Ал үчүн президенттин институтун жоюш керек. Негизги саясий фигура премьер-министр болушу абзел. Башкы прокуратура, УКМК саясий куугунтуктун куралы болбош үчүн бул кызматтар президенттин астында эмес, эл астында жооп бериши абзел. КТРКны накта коомдук канал кылуу шарт.

Жергилүктүү бийлик да көз карандысыз болушу керек. Ош жана Бишкек шаарынын мэрлери түздөн-түз элдин добушу менен шайланышы керек. Ошондо гана биз 2005-жылдагы жана 2010-жылдагы революцияны аягына чейин жеткиребиз, — деп өзүнүн Фейсбук баракчасында өз оюу менен болүшкөн.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.