Ыраазычылык – Садыркуловго тургузулган эң мыкты эстелик. Искендер Гайпкуловдун маеги

Интервью, Коом 12 Мар 2019 13:54
0 ой-пикир

Жакын адамдарыбыздын мааракелери, туулган күндөрү жана биз үчүн маанилүү болгон окуялардын датасы убакыт учкан куш экенин эске салып турат.

2009-жылдын 13-мартында Медет Садыркулов арабыздан кеткен күн. Бул инсан өз доорунун белгилүү фигурасы, көзү өткөн соң өлкөгө чын дилинен кызмат кылуунун символу болуп кала берди.

Мекенге кызмат кылуу ар түрдүү болот. Коммунисттик доор өтүп кеткени менен, өлкөнүн жыргалчылыгы жана элинин бейкут жашоосу үчүн керек болсо өзүн-өзү курмандыкка чалуу керектиги тууралуу тарбия, салттар жана түшүнүктөр мээбизге уюп калган.

Өлкөбүзгө учурда күн сайын жөн гана мамлекетке кызмат кылчу мекенчил адамдар жетишпей тургандай.

Elgezit.kg Медет Садыркулов жана анын мурасы тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Искендер Гайпкулов менен маек курду.

Elgezit.kg:  Сиз Медет Садыркуловго жакын адамдардын бири болгонсуз. Көзү тирүү кезде МЧС деп аташкан Медет Садыркуловду Кыргызстанда дайыма эстеп жүрүшөт. Өзгөчө мамлекеттик башкаруудагы эффективдүүлүк тууралуу кеп козголгондо эстегендер аз эмес. 

— Медет Чоканович өзү тууралуу коомчулукка жар салууну жактырчу эмес, коомдук чөйрөгө аралашканды көп каалабайт эле. Ал кырдаалга карап иш алып барган аткаминер эле, ошол эле учурда бул же тигил абалга карап өзү ошол чөйрөнү дагы, кырдаалды да жарата билген инсан болчу. Анын мекенчил жетекчи катары өзгөчөлүгү дал ушунда эле. Мындай жетекчилер өлкөгө дайым керек болгон жана учурда дагы керек деп ойлойм.

Албетте, көп нерсеге анын өз көз карашы бар болчу, адамдардын кандай бир сапаттарын бааласа, айрымдарын жактырчу эмес. Бирок ал кандай иш менен алек болбосун баарын жан дили менен аткарып келген.

Elgezit.kg: Анын мүнөзүнүн өзгөчөлүгү дал ушунда болсо керек?

— Медет Чокановичтин мүнөзү оңой эмес эле. Аны “тикендүү” болчу деп айтып келишет. Бирок өз убагында көптөгөн татыктуу адамдарды өзүнө магниттей тартып турган жогорку рангдагы мындай аткаминерлердин табылары күмөн.

Аны эскерүү китебинде көпчүлүк Садыркулов менен кандайча таанышып калганын жазышкан. Ал артында көптөгөн алгылыктуу иштерди калтырды, айрымдарын акырына чыгара албай калды. Бирок ал тарыхта өчпөс болуп жазылып калды, мүнөзү менен өзүнө тартып турганы, достукка бекем экени, саткынчылыкты жек көрөрү көпчүлүктүн эсинде.

Elgezit.kg: Ал адамдарды алыстан таанып, ишенген кишилерин идеяга, оптимизмге толтуруп койчу деп айтсак болсо керек. Бул тууралуу эскерүүлөрдө анын достору, шакирттери көп айтып жүрүшөт го…

— Ал артында аны эч качан унутпай, эскерип турчу ишенимдүү адамдарды, мыкты команданы калтырып кетти. Баары эле мындай сыйга татый бербейт. Анын башкалардан өзгөчөлүгү дал ушунда деп ойлойм жана өзгөлөрдөн айырмачылыгы муну менен эле чектелбейт…

Медет Чоканович менен достук мамиледе болуп, аны жакындан билген адамдар аны эскерип жатканын көрүп, көзү тирүү кезинде жанында болуп, ошол эле учурда дүйнө салгандан кийин дагы ооздорунан түшүрбөй, эстеп жүрүшкөнү – бул эстеликтердин эң мыктысы деп билем.

Анын туулган күнүндө жана көзү өткөн күнүндө анын достору, жакындары, санаалаштары, эрктүү жана акылдуу айым Айнагүл Токтогуловна башында турган үй-бүлөсү сөзсүз чогулат. Жыл сайын. Бул салт болуп калды. Дайыма ал адам тууралуу эскере турган жана айтып бере турган сөзүбүз бар.

Cүрөт: Медет Садыркуловдун үй-бүлөсү

Менде бир жазылган ыр саптары бар. Аны такыр эле бөтөн адам, мугалим Измайлова Людмила Геннадьевна жазган. Мен ал айымга Медет Чоканович тууралуу бир жолукканда кеңири айтып бергемин. Анан эле бир күнү ал мага жазган ырын алып келди. Чын жүрөктөн жазылган ыр үчүн авторго абдан ыраазымын. Ал эмгек мага абдан жакты. Балким бир нече саптарын жарыялайсыңар?

Elgezit.kg: Албетте. Жылуу маек куруп бергениңиз үчүн чоң рахмат!

Поезд времени дальше уносит,

Те события памятных лет…

Быть может кто -то проходящий рядом,

Спеша по будничным делам,

Напомнит вдруг Медета взглядом,

Таким родным до боли нам!

 

Глазами лучезарными, с искринкой

И звонким смехом, характерным для него,

Улыбкой столь похожею с хитринкой.

Каким друзья запомнили его…

 

Ещё пока свежи воспоминанья,

Хоть пролетело ровно десять лет,

Все наши мысли, чувства состраданья,

О том соратнике, которого здесь нет!

 

О человеке том, по праву одарённом,

Масштабно мыслящем, прозорливом вдвойне,

Уверенном в себе, непокорённом,

Оставившим лишь память о себе!

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.