Мирлан Самыйкожо КТРКнын жетекчилигине талапкерлигин алып салды

Окуялар тизмеги 06 Мар 2019 11:41
0 ой-пикир

Акын, журналист Мирлан Самыйкожо КТРКнын жетекчилигине талапкерлигин алып салды. Бул тууралуу «Азаттыкка» КТРКнын Байкоочу кеңешинин төрагасы Жыпар Жекшеев билдирди:

— Ал мага жолукканда «КТРК чоң ишкана экен. Ал жакта техникалык база жана башка жаатында көптөгөн маселелер бар экен. Менин тажрыйбам жетишсиз, өзүмдү жашмын деп эсептеп, жөн эле убара болбоюн деп арызымды таштап кетейин деп баратам» деди.

Ошентип азыр КТРКнын жетекчилигине жети талапкер ат салышууда. Бүгүн, 6-мартта түшкү саат үчтө Байкоочу кеңеш чогулуп, талапкерлердин арасынан КТРКнын жетекчиси тандалат.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.