Кыргызстан боюнча ар бир алтынчы айым Бишкекте жашайт

Окуялар тизмеги 06 Мар 2019 17:02
0 ой-пикир

Кыргыз Республикасында 8-март күнү Эл аралык аялдар күнү болуп белгиленет.

Республиканын калкынын жалпы санынан аялдардын салыштырмалуу салмагы — 50,4% түзүп, көп мезгилден бери өзгөрүүсүз калып келүүдө. Республикада 2018-жылдын башында аялдардын саны 3 154,9 миң адамды түзгөн. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин маалымат кызматы билдирди.

Мурдагыдай эле, республиканын аялдарынын үчтөн экиси – айыл тургундары, ал эми ар бир бешинчи аял Жалал-Абад же Ош облустарында жашашса, ар бир алтынчы аял Бишкек шаарында жашайт.

Аялдар жашаган жерлер

Шаар жерлеринде (миң адам жана %) – 1 113,4 миң адам, же 35,3%

Айыл жерлеринде (миң адам жана %) – 2 041,5 миң адам, же 64,7%

Эмгекке жөндөмдүү жаштагы аялдардын жумуш менен камсыздалган деңгээли – 47,6% түзөт. Иштеген аялдардын орточо жашы 38 жашты түзөт. Өлкөнүн экономикасында иштеген ар бир алтынчы аялдын жашы 25-29 жаш курагындагылар. «Саламаттыкты сактоо жана калкты социалдык жактан тейлөө», «билим берүү», «дүң жана чекене соода», «мейманканалар жана ресторандар» сыяктуу иш-аракеттердин артыкча ушул түрлөрү «аялдардын» жумушу болуп саналат.

2017-жылы никеге турган аялдардын саны 43,4 миңди түзгөн.

Аялдар 18-25 жашында үй-бүлө түзүүгө ниеттенишет.

Ушул эле учурда биринчи жолу үй-бүлө түзгөн аялдардын саны 40,9 миңди түзгөн.

Никеге турган ар бир экинчи аял 20–24 жаш курагында, ал эми ар бир бешинчи аял 18–19 жаш же 25-29 жаш курагында болгон.

2017-жылы никеге биринчи жолу турган аялдардын орточо жашы 23,7 жашты, ал эми экинчи жолу никеге тургандардын орточо жашы — 35,8 жашты түзгөн.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.