Ошто дагы бир коммерциялык банктын банкоматы талкаланып, болжолдуу 1 жарым миллион сомдой акча уурдалды. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, 2-марттан 3-мартка караган түнү белгисиз адамдар Ош шаарындагы Навои жана Ленин көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан Рыспай Абдыкадыров атындагы Ош облустук филармониясынын кире беришиндеги банкоматты талкалашкан.
Учурда иликтөө иштери башталып, тергөө иштери жүрүүдө.
Белгилей кетсек, Ош ОИИБ буга чейин Ош облусунун Араван районундагы банктардын биринде жайгашкан банкомат тонолуп, ичиндеги 900 миң сом акчасы уурдалганын кабарлаган болчу.