Коомдук телерадио корпорациясынын (КТРК) Байкоочу кеңеши 1-мартта телеканалдын директорлугуна талапкер болгон 17 кишинин программасын угуп, сегиз кишини финалдык баскычка өткөрдү. Бул тууралуу «Азаттыкка» Байкоочу кеңештин төрагасы Жыпар Жекшеев билдирди.
Финалга өткөндөр — Ибраим Нуракун уулу, Мирлан Самыйкожо, Замирбек Казакпай уулу, Галина Байтерекова, Жайнак Үсөн уулу, Болотбек Тиллебаев, Адил Турдукулов жана Сураган Босумбаев.
Калган талапкерлер — Мирбек Мурзабеков, Малика Курманова, Куттумидин Базаркулов, Алим Токторов, Сюита Соурбаева, Дүйшөк Мамбетөмүров, Ишен Айтмамбетов, Абдухалил Акматов жана Эркинай Эшанкулова — кеңештин мүчөлөрүнүн керектүү добушун ала албай калды. Жекшеев түшүндүргөндөй, булардын программаларында чийки жерлери болгон.
Мурда айтылгандай шайлоо 14-мартка эмес, 6-мартка белгиленди.