КТРКнын башкы директорлугуна талапкерлер бүгүн программалары менен тааныштырып башташат

Окуялар тизмеги 01 Мар 2019 10:02
0 ой-пикир

Бүгүн 1-мартта Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын (КТРК) башкы директорлугу кызмат орунга талапкерлердин сынагы улантылат.

Байкоочу Кеңештен билдиргендей, бүгүн талапкерлер өз программалары менен тааныштырып башташат.

28-февралда учурдагы директор Илим Карыпбеков өз ыктыяры менен жарыштан чыга турганын жар салган. Байкоочу кеңеши ошондой эле Каарманбек Кулуевди да талапкерлердин тизмесинен добуш берүү аркылуу жарыштан чыгарышкан. Ал чет өлкөдө туруп Скайп аркылуу сынакка катышканы жаткан. Байкоо кеңеш буга макул болгон эмес.

Байкоочу кеңеш кечээ талапкерлер болгон 17 кишини аңгемелешүү турунан өткөргөн.

КТРКнын башчысы кызмат ордуна адегенде 22 талапкер катталып, документтер сынагынан эле үчөө кулаган.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.