Илим Карыпбеков КТРКнын башкы директорлугуна талапкер болуудан баш тартты.

Окуялар тизмеги 28 Фев 2019 15:20
0 ой-пикир

Илим Карыпбеков КТРКнын башкы директорлугуна талапкер болуудан баш тартты. Бул тууралуу ал бүгүн КТРКнын Байкоочу кеңешинин алдында билдирди.

Байкоочу кеңеш бүгүн башкы директорлукка талапкерлер менен аңгемелешүү жүргүзүп жатат.

Жалпысынан 22 адам документин тапшырган, алардын 19у менен аңгемелешүү бүгүн жүрүп жатат.

КТРКнын Байкоочу кеңеши 18-февралда башкы директорлукка талапкерлерден келип түшкөн арыздарды карап, жалпысынан 22 адам документ тапшырганын айткан. Алардын үчөө (Элдар Аттокуров, Бөлөкбай Шеримбеков жана Жылдыз Муслимова) документтери толук болбогондуктан сынакка катышуу укугунан ажыратылган. Бүгүн ангемелешүү учурунда Байкоочу кеңеш добуш берүү аркылуу Каарманбек Кулуевди да телеканалдын директорлугуна талапкерлердин тизмесинен чыгарган.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.