«Атамбаев vs Жээнбеков. Атамбаев азырынча утушта»

Аналитика, Статьялар 27 Фев 2019 14:21
0 ой-пикир
Конституциялык палата экс-президенттин кол тийбестигин Конституцияга карабай колдоп чыкканы, 2020-жылы парламентте кайсы партиялар болору, Атамбаевдин командасында идеяларды ким ойлоп чыгары тууралуу Өмүрбек Текебаев Elgezit.kg сайтына маек берди.  Elgezit.kg: Парламенттик шайлоого чейин дагы убакыт бар экенине карабастан көпчүлүк партиялар азыртадан эле даярданышып, шайлоо алдындагы кампаниянын стратегиялары тууралуу ойлонуп башташты. Лидери камакта жаткан “Ата-Мекен” эмне болот? — “Ата-Мекен” партиясы 2020-жылдагы парламенттик шайлоого сөзсүз катышат. Мен адилетсиз соттолуп жатканымды эске алып, ал убакка чейин акталып калам деген үмүтүм бар. Эгерде андай болбой калган күндө дагы “Ата-Мекен” партиясында ресурстар бар жана шайлоочулардын колдоосуна ээ.  Биз парламентке келебиз. Мен мындан күмөн санабайм. Саясий абал 2020-жылы шайлоо таза өтөрүнө түрткү берет. Болбосо шайлоодон кийин абал курчуп кетет жана аягы кандай болору белгисиз. Жакында өткөрүлгөн социологиялык сурамжылоолор Адахан Мадумаров, Өмүрбек Бабанов, Камчыбек Ташиев башында турган партиялар жана “Ата-Мекен” чыныгы күч экенин көрсөттү жана алар парламентте көп добуш алышы мүмкүн. Elgezit.kg: Алмазбек Атамбаев жакында эле 2020-жылдагы шайлоого катышарын жана КСДП тизмесинин башында турарын билдирди. Сиз аны жакшы билесиз. Экс-президенттин бул билдирүүсү анын чоң саясатка кайтарынан жана чечкиндүү күрөшкө даяр экенин билдиреби? Сиз анын мүмкүнчүлүктөрүнө кандай баа бересиз? — Мен Алмазбек Атамбаевди көптөн бери жана жакшы билем. Ал импульсивдүү, күтүүсүз, тобокел кадамдарга бара билген киши. Тобокелчиликке барышы мүмкүн. Бирок ал алсыз, баштаган ишин аягына чыгарбайт. Акыркы убактарга чейин тагдыр ага жылмайды. Ал өтө оор кырдаалдардан жеңиш менен чыгып жатты. Оппозициянын башка лидерлери эмес, дал ошол адам президент болду. Атамбаевдин жакындагы кайрылуусу боюнча… Бул кылмыштык куугунтукка кабылып калуу коркунучуна болгон реакция окшойт. Ушундай көз караштан караганда акыркы кадамдары акылга сыярлык кадам деп ойлойм. Ал 2020-жылы парламенттик шайлоого КСДП менен барарын билдирди. Өз убагында кабыл алынган чечим. Эми Алмазбек Атамбаевди куугунтуктоо болсо, анда ал саясий мүнөздө болуп калат. Жада калса аны жоопкерчиликке тартуу үчүн негиздер бар болгон күндө деле бул саясий куугунтук катары мүнөздөлө берет. Бийлик Конституциялык палатанын чечимине чейин чечкиндүү кадам ташташы керек болчу. Саясий көз карашта карасак, аны апрелден кийин, КСДПнын съезди болгон соң, кылмыш жоопкерчилигине тартуу кыйын болуп калат. Ал учурда Атамбаев саясий иммунитет алып калган болот. Атамбаевдин жакын адамдары ал Жээнбеков менен жолугуп, сүйлөшүүгө даяр экенин бир нече жолу айтышты. Атамбаев элдешүүгө даяр экенин айтышты. Бирок себеп башкада деп ойлойм. Ал өзү үчүн саясий алиби даярдап жатат. Коомчулуктун кызыкчылыгы үчүн өз амбицияларын артка таштап, принциптеринен чегинүүгө даяр болгон киши катары көрүнгүсү келип жатат. Бирок, Сооронбай Жээнбеков коомчулуктун алдында баш тартып койгон. Эгерде абал курчуп кетсе анда күнөөнү Сооронбай Жээнбековго оодарып коюуга мүмкүн болуп калды. Elgezit.kg: Атамбаев шайлоого катышышы мүмкүнбү? Же ал КСДПнын “той генералы” болобу? Атамбаев андай болбойт. КСДП – оппозициялык шарттарда да ишин улантууга жөндөмдүү саясий уюм. Бирок буга чейинки жылдардан айырмасы учурда алар ар түрдүү маалыматтык коммуникациялык каналдарды колдонуу мүмкүнчүлүгүнө ээ. Алардын көбүн мамлекет көзөмөлгө ала албайт. Мурда мамлекет маалыматтык айдыңды көзөмөлдөп турчу. Көрүүчүлөрдүн көбү мамлекеттик телеканалдарды көрүп, радиолорду угушчу. Бирок азыр маалымат айдыңында абал түп тамыры менен өзгөрдү. Мамлекет монополисттик абалынан кол жууду. Учурда биздин жарандардын 50%дан ашууну маалыматты интернет аркылуу алышат. Алардын 20%дан ашууну ютюб, 6% фейсбук аркылуу. Шайлоочулардын үчтөн бир бөлүгү маалыматты туугандары аркылуу алышчу. Дал ушул бөлүк үчүн интернет колдонуучулары  ретранслятор болуп калды. Интернетти активдүү колдонуучусу деген ким? Биринчиден, бул социалдык жактан активдүү, эмгекке жөндөмдүү адам. Балким бир үй-бүлөнү баккан адам болушу да толук мүмкүн, демек, интернет колдонбогон туугандарынын жана досторунун арасында анын аброю бар. Мамлекет маалымат талаасын көзөмөлдөй албай калганынан биринчи кезекте оппозициялык күчтөр, оппозициялык көз караштагы саясатчылар колдонушат. Мамлекеттик монополиянын жоголгонун Адахан Мадумаровдун мисалынан көрсөк болот. Акыркы социологиялык сурамжылоолордо ал Президент Сооронбай Жээнбековдон кийин экинчи болуп келе жатат. Адахан Мадумаров маалымат каражаттарына ээ эмес, бирок ал социалдык тармактарды активдүү колдонуп келет. КСДПга кайрыла турган болсом, ал шайлоого чейин бар болот жана аны шайлоого катыштырбай коюуга эч кандай жүйөлүү себеп табылбайт. Атамбаевдин мүмкүнчүлүктөрүнө баа берүүдөн кыйналып турам. Бирок келерки шайлоодо жеңишке жетүү ал үчүн жашоонун улануусу болот, ошондуктан анын чоң саясатка келүүгө аракет кылуудан башка аргасы жок. Бул тарыхый талашты эл чечсин. Ал эми мен болсо шайлоодо Атамбаевге каршы катышам. Elgezit.kg: Жогорку Кеңеш “Кыргыз Республикасынын Президентинин ишмердигинин кепилдиги тууралуу” мыйзамга өзгөртүү киргизүү, тактап айтканда, экс-президенттин  кол тийбестик укугунан ажыратуу маселесин  карап жатат. КСДПнын өкүлү Кундуз Жолдубаева киргизилип жаткан өзгөртүүлөр Атамбаевге каршы экенин айтты. “Экс-президенттик кол тийбестик укугунан ажыратуу бийликти тынчтык жолу менен өткөрүп берүүгө бөгөт коет” деди. Сиз буга макулсузбу? Экс-президенттердин гана эмес депутаттардын дагы кол тийбестигин алуу тууралуу оюңуз кандай? Бизде, Кыргызстанда иштейби? —2005-жылдагы март төңкөрүшүнөн кийин саясатчылар жана эксперттер баары төңкөрүштүн себеби Акаевдин үй-бүлөлүк кландык башкаруусу экенин айтышкан. Акаевден кийин, март төңкөрүшүнөн кийин, бийлик жана жарандык коом экс-президенттердин кол тийбестик укугун жоюу тууралуу кадамдарын баштаган. Ошондуктан 2006-жылдагы Конституцияда, андан соң 2007-жылдагы референдумда дагы экс-президенттердин кол тийбестик укугу алынып салынган. 2010-жылдагы референдумда дагы мындай кадам туура экени тастыкталган. Ошондуктан, Кыргызстандын экс-президенттери 2006-жылдан баштап кол тийбестик укугуна ээ эмес. Ал эми Кыргыз Республикасынын Конституциясына каршы келген мыйзамдардын баары жараксыз. Себеби биздин Конституциянын түз таасири бар. Ошондуктан депутаттардын Мыйзамдардын Конституцияга каршы келген ченемдерин оңдоо аракети Баш мыйзамга шайкеш келтирүү гана. Жана коомчулуктун көңүлүн экс-президент кол тийбестик укугуна ээ эмес экенине буруу. КСДПнын өкүлдөрү туура айтышты, бул аракеттердин баары Атамбаевге каршы жасалууда. Биз элге бул аракеттер Атамбаевди кылмыш жообуна тартуу аракети экенин ачык эле айтышыбыз керек. Келечекте негиз бар боло турган болсо кийинки экс-президенттерди дагы жоопкерчиликке тартуубуз абзел. Май айында эле 24.kg агенттигине маек берип жатып, негиз бар болсо Атамбаевди кылмыш жообуна тартуу керектигин айткам, мен негиз бар экенин да айта кетейин. Бирок азыр муну ишке ашыруу татаалдашып бара жатат. Аны бир жыл мурун эле отургузса болмок. Андан бери абал өзгөрдү. Биринчиден, Атамбаевге берилген Конституциялык палатанын курамы экс-президенттин абсолюттук кол тийбестиги тууралуу чечим чыгарып койду. Башкача айтканда, экс-президентке абсолюттук кол тийбестикке кепилдик берген эски мыйзам нормасы азыркы Конституцияга каршы келет. Бирок эмнегедир Конституциялык палатанын мүчөлөрү бул мыйзамдын башка редакциясы керек деп чыгышты. Жакында эле Конституциялык палатанын төрагасы Эркин Мамыров Конституциялык палатанын позициясына түшүндүрмө берди. Ал экс-президентти кол тийбестиктен ажыратуу бөлүгүндө башка процедураларды жазуу керектигин билдирди. Бирок Атамбаевге эски мыйзамдар иштейт. Себеби Мыйзам артка иштебейт. Башкача айтканда, Атамбаевде абсолюттук кол тийбестик бар.  Ал эми жаңы мыйзам Жээнбековго карата иштеп калат. Ошентип Алмазбек Атамбаев юридикалык иммунитет алды. Окурмандардын көңүлүн төмөнкү учурларга бургум келип турат. Конституциялык палатага ким ходатайство берди? Нурбек Токтакунов – Атамбаевдин командасынын жактоочусу. Эки окуя макулдашылып жана бир учурда болду. Биринчи – Конституциялык палатанын чечими жана төрагасы Эркин Мамыровдун түшүндүрмөсү. Экинчиси – Атамбаевдин чоң саясатка кайтып, КСДПнын тизмесинин башында туруп парламенттик шайлоого катышары.  Эми юридикалык жана саясий абал пайда болду жана бул бийликке чоң көйгөйлөрдү жаратты. Elgezit.kg: Атамбаевдин командасында мындай көп кырдуу идеяларды ким иштеп чыгат? — Эгер байкаган болсоңуз, Атамбаев кагазсыз, даярдыксыз сүйлөөнү билбейт. Ал өз алдынча сүйлөп баштаганда туура эмес нерселерди айтып алып, анын командасы кайра жылмалоо үчүн иштеп, аны актап турушчу. Атамбаевдин акыркы брифингине көңүл бөлсөңөр. Кыскача текстти айтты дагы, дароо кетип калды. Эч кандай өз алдынча сүйлөгөн жок. Баары пландалгандай болду. Кайталап кетейин, дал ошол күнү Конституциялык палатанын төрагасы берген түшүндүрмө сыяктуу. Мунун баары Атамбаевдин үстүнөн иштеп башташканынан кабар берет. Жергиликтүү саясий технологдор гана эмес, чет элдиктер дагы иштешүүдө. Алардын Кыргызстанга келүүсү кажет эмес. Заманбап байланыш каражаттарынын жардамы менен алар алыста туруп деле кеңеш бере алышат. Учурда Атамбаевдин командасы кол тийбестик боюнча Жээнбековдун командасын утуп кетти. Жээнбековдун командасы башка жол издөөгө аргасыз. Жогорку Кеңештин депутаттары экс-президент саясий ишмердүүлүк менен алек болуп, шайлоого катыша албагыдай кылууну сунушташууда. Эгерде бул шартты бузса, анда экс-президент макамынан ажырайт дагы, кол тийбестик укугу да жок болот. Бул Конституцияга ылайык келбеген, саясий жактан алганда эң туура эмес сунуш. Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 69-беренесине ылайык, 67-берене боюнча кызматынан четтебеген баардык экс-президенттер экс-президент деген макамга ээ болот. Андан ажыратуу мүмкүн эмес. Конституцияда экс-президентке карата бир гана чектөө бар. Бир эле адам эки жолу (61-берене) президент боло албайт. Экс-президент жаран катары Конституцияда жана эл аралык келишимдерде жазылган укуктарга ээ. Elgezit.kg: Жээнбековдун командасы Атамбаевге утулуп жатабы? Тактикалык жактан алганда. Абалды, шахматтык партияны өзгөртүү үчүн Жээнбековдун командасы кандай кадам жасашса болот? — Чечим дайыма бар. Тараптар дебюттук комбинацияны гана ойношту. Жээнбековдун командасында миттельшпильди утууга мүмкүнчүлүгү бар. Elgezit.kg редакциясы маек алууда жардам кылган Өмүрбек Текебаевдин жактоочуларына ыраазычылык билдирет.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.