Ажылыкка баруу үчүн жети миңден ашык адам катталды

Окуялар тизмеги 25 Фев 2019 12:22
0 ой-пикир

2019-жылы Ажылыкка баруу үчүн каттоого алынган жарандардын жалпы саны 7391 адамга жетти. Бул тууралуу Мусулмандар диний башкармалыгынын маалымат кызматы кабарлады.

Каттоого алынгандарды басымдуу бөлүгү Ош областынан болуп, 2 522 адамды түздү. Быйыл Нарындан 59 киши Ажылыкка аттанган.

Белгилеп айтканда, Жалал-Абаддан 1603, Чүй областынан 1032, Баткен 698, Таластан 80, Ысык-Көлдөн 86, Ош шаарынан 741, ал эми Бишкек шаарынан 570 жаран Ажылыкка барууга ниеттенген.

Кошумчалай кетсек, быйыл Кыргызстанга 5485 орун берилген.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.