Жээнбеков аймактардагы иш-сапарын бүгүн, 21-февралда Жалал-Абад облусунда улантат

Окуялар тизмеги 21 Фев 2019 09:49
0 билдирүү

Президент Сооронбай Жээнбеков аймактардагы иш-сапарын 21-февралда Жалал-Абад облусунда улантат. Бул тууралуу президенттик аппараттан кабарлашты.

Анын жүрүшүндө Сузак районунун жашоочулары менен жолугат. Инфраструктуралык, социалдык, өндүрүштүк жана билим берүү объектилери менен таанышат.

Мамлекет башчы кечээ, 20-февралда Баткенге барып, Кадамжай районунун жана Кызыл-Кыя шаарынын жашоочулары менен жолуккан. Мындан сырткары Кадамжайдагы “Факел” чек ара тозотунун жаңы курулган имаратынын ачылышына катышып, Ош-Баткен-Исфана автожолун реконструкциялоо жумуштарынын жүрүшү менен таанышты.

Билдирүү калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.