Ысык-Көлгө эс алууга келген бельгиялык турист кар көчкү алдында калып каза болду

Окуялар тизмеги 20 Фев 2019 14:33
0 ой-пикир

Ысык-Көл облусуна эс алууга келген белгиялык турист кар көчкү астында калып каза болду. Бул тууралуу Ысык-Көл облустук өзгөчө кырдаалдар башкармалыгынын башчысы Замирбек Жумагазиев билдирди.

Анын маалыматына караганда 13-февраль күнү Белгия мамлекетинин жарандары, 38 жаштагы Дриз Эмил Кукенс жана анын карындашы, 34 жаштагы Кларте Март Кукенс Каракол шаарына конокко келишкен. 16-февраль күнү алар Ак-Суу районунун Боз-Учук капчыгайына лыжа тебиш үчүн Д.Забиров, М.Турсунбеков, А.Асанов аттуу гиддер менен Боз-Учук капчыгайына боз үй тигип жайгашкан.

19-февраль күнү Д.Забиров жана бир тууган Кукенстер лыжа тепкени кетишкен. Гид Д.Забиров менен Дриз Эмил Кукенс биринчи лыжа тээп түшкөн, анын артынан Кларте Март түшүшү керек болгон, бирок алардын артынан түшпөй башка жол менен түшкөн. Болжол менен саат 16.00 чамасында Кларте Март лыжа менен түшүп келатканда кар көчкү басып калган.

Биринчи түшкөн Д.Забиров менен Дриз Эмил Кукенс Кларте Март Кукенсти “Бипре” каражаты менен таап, казып алып чыгышкан жана биринчи медициналык жардам көрсөтүшкөн, бирок ал жаракатынан улам ошол жерден каза болгон.

Учурда Кларте Марттын сөөгү Каракол шаарындагы Ысык-Көл облустук бириккен ооруканасынын моргуна жеткирилген. Бул окуяны Ысык-Көл облустук милициясы тастыктап, факт Ак-Суу райондук милициясына катталганын билдирди.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.