КТРКнын Байкоочу кеңеши ушу тапта жыйынга чогулуп, башкы директорлук кызматка талапкерлердин арызын кароого киришип жатат.
Арыздарды кабыл алуу саат 17:00дө аяктады.
Соңку маалыматка караганда, арыз бергендердин саны 22ге жетти.
«Коомдук телерадиоберүү корпорациясы жөнүндө» мыйзамга ылайык, башкы директор төрт жылга шайланат. Байкоочу кеңеш жабык добуш берүү жолу менен тандайт.
Сынак КТРКнын азыркы жетекчиси Илим Карыпбековдун иштөө мөөнөтү аягына чыгып жатканына байланыштуу 18-январда жарыяланган. Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын курамында учурда алты телеканал бар.