Араванда жазгы талаа иштери башталды

Окуялар тизмеги 14 Фев 2019 16:36
0 ой-пикир

Оштун Араван районунда жазгы талаа иштери быйыл жылдагыдан эрте башталды. Бул тууралуу “Азаттыкка” Араван районунун акимининин биринчи орун басары Топчубай Сатыбалдиев маалымдады. Учурда айдоо аянттарындагы арыктарды тазалоо сыяктуу жазгы талаа иштери жүрүп жатат.

Райондогу Тепе-Коргон, Нургат, Чек-Абад, Юсупова, Алиянаров айыл өкмөттөрүндө бүгүнкү күндө 500 гектар жерге картөшкө, 100 гектар жерге капуста эгилди. Жылдагыга салыштырмалуу быйыл жазгы талаа иштери 10 күн эрте башталып жатат.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.