Депутат: Талаc облусундагы МККФга берилген унаа базар баасынан эки эсе кымбат алынган

Окуялар тизмеги 06 Фев 2019 13:06
0 ой-пикир

Талас облусуна Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондуна (МККФ) берилген автоунаанын наркы базардагы баадан эки эсе кымбат. Бул маселени парламент депутаты Тариел Жоробеков Жогорку Кеңештин 6-февралдагы жыйынында көтөрүп, саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаевге кайрылды.

— Талас облусуна МККФ аркылуу «RAV-4» машинесин бердиңер. Баасы 42 миң АКШ доллары. Базардагы баасы — 20 миң доллар. Айырмасын эл сурап жатат.

Министр бул автоунаа долбоор аркылуу келгенин, тендердин негизинде алынганын айтып, баары мыйзамдуу экенин билдирди жана мыйзамдуулугун текшерип көрсө болорун айтты.

Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун Таластагы башкармалыгына «Toyota RAV-4» автоунаасы берилгени өткөн айда кабарланган. Расмий маалыматта бул машине айылдардагы Фельдшердик-акушердик пункттарды, Үй-бүлөлүк дарыгерлер борборлорун көзөмөлдөө үчүн колдонулары айтылган. Учурда Таласта кургак учук жана башка ооруларга каршы медицина жаатындагы үч долбоор иштеп жатат.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.