Жээнбеков Жунушалиевге милицияны таза эмес кызматкерлерден тазалоону тапшырды

Окуялар тизмеги 02 Фев 2019 10:31
0 ой-пикир

Президент Сооронбай Жээнбеков Ички иштер министрлигинин өздүк курамын таза эмес кызматкерлерден тазалоо керектигин айтты. Бул тууралуу өлкө башчы 1-февралда ИИМ министри Кашкар Жунушалиевди кабыл алган учурда билдирди.

Президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмү кабарлагандай, Сооронбай Жээнбеков милициянын коомчулук алдындагы жоопкерчилигин жогорулатып, элдин ага болгон ишенимин калыбына келтирүү керек экенин кошумчалаган.

Министр Жунушалиев күч кызматкерлеринин арасындагы кылмыштардын бетин ачуу көбөйгөнүн, күнөөлүүлөр жазасын алышарын айткан.

Январдын акыркы эки жумасында эле милиция кызматкерлери катышкан бир нече кылмыш иши катталды. 24-январда ИИМ менен Улуттук коопсуздук комитетинин (УКМК) кызматкерлери чогуу жүргүзгөн иш-чарада Бишкек шаардык милициясынын кызматкери жана милицияда мурда иштеп кеткен эки адам 2500 доллар акча алып жаткан жерден кармалган.

30-январда Бишкектеги Свердлов РИИБнин 36 жаштагы кызматкеризордуктоого шектүү катары камакка алынып, 31-январда сот тарабынан үй камагына чыгарылган.

Ошондой эле милиция катышкан эки жол кырсыгынан бир бала жана бир аял каза болду.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.