Мамлекеттеги кадр саясатынын кадыры

Коом 21 Янв 2019 14:52
0 ой-пикир

24.kg маалымат агенттии Атамбаевдин командасындагы таасирдүү адам, экс -президенттин мурдагы жан сакчысы Болот Сүйүнбаевдин Дене тарбия институтунда окуусун улантууну суранып жазган текстин жарыялады. Мындан сырткары,  24.kg Сүйүнбаев жалган документтерди жасоо иши боюнча кылмыш ишине кириптер болушу мүмкүн экенин билдирди.

Эмесе кеп башынан болсун. Болот Сүйүнбаев жогоруда аталган окуу жайга 1987-жылы кирген. Бирок аяктаган эмес. Аны окуудан кетирип жиберишкен, ал окуусун 25 жылдан кийин, башкача айтканда, 2012-жылы анын “шефи” Президент, өзү аппарат кызматкери болгондо гана гана уланткан.

Ректор бир топ жашка барып калган “жан сакчы студентке” жок дей алган эмес. 24.kg жарыялаган Сүйүнбаевдин арызына ылайык, ал 5-6-курсту “экстерндик” жол менен (2 курсту бир жылда) бүтүрүп берүүнү суранган. Мамлекеттик кызматкер Сүйүнбаев “экстерн” деген сөздү ката, башкача айтканда “экстрен” деп, андан сырткары дагы бир катар каталар менен жазганына карабастан, ал окуу жайга кайрадан кабыл алынган.

Андан соң албетте, жогорку билим тууралуу дипломду колго алган. 2 жылга жетпеген убакыттан кийин диплому бар дене тарбия мугалими УКМКнын анализ жана прогноз иштерин жасоочу кызматынын жетекчиси, УКМКнын Тѳрагасынын орун басары болуп дайындалып, генерал – майор наамын алган.  Башкача айтканда, өлкөнүн улуттук коопсуздук тармагындагы башкы аналитик болгон. Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтын төрагасы болуп да дайындалган.

Балким, Болот Сүйүнбаев мектептен баштап өзүн-өзү өнүктүрүү менен алек болгондур. Себеби диплом бул жөн гана формалдуулук да. Бирок анын жазган дил баяны жогорудагы ойлорду толугу менен жокко чыгарат экен. 24.kg жарыялаган Сүйүмбаев тарабынан жазылган дил баян “Китеп – Сиздин досуңуз, мугалимиңиз” деп аталат. Абдан сонун тема деңизчи, бирок аналитика менен алектенген адам үчүн өтө жөнөкөй эмеспи деген ой келет экен. Бирок кеп темада деле эмес, кептин баары Болот мырзанын текстти көчүрүп алгандыгында. Ал дил баяндын мазмуну 1961-жылы жарыяланган “Адабият жана Искусство” деп аталган Балдар энциклопедиясындагы кириш сөзгө дал келет.

Эмнеге эле мунун баарын казып жатышат дейт чыгарсыңар, бирок, бул мамлекеттик кызматка алынып жаткан адамдын кесипкөй эместигинен кабар берип турбайбы.

Ошондой эле юридикалык жана этикалык жактан карай турган болсок, жогору мамлекеттик кызматта жогорку билим жагынан аксаган, тажрыйбасы жок адамдын иштеп келгенине кимди бирөө жоопкерчилик алыш керек. Анын үстүнө Сүйүнбаевдин иши мамлекеттик, улуттук коопсуздук менен байланышкан болчу. Бул учурдагы бийликке чоң сабак болушу керек.

“Ак үй” бул өлкөнүн биринчи адамдарынын жеке жайы эмес. Бул жерде жоопсуз суроолор өтө көп. Бизде “социалдык лифттер” кандай иштейт? Мамлекеттин өнүгүү стратегиясына таасир берип, мамлекеттин тагдырын чечүүдө башкы ролдорду ойногон мамлекеттик кызматкер кандай тажрыйбага ээ болуусу керек? Кадр саясаты кандай критерийлер менен жүргүзүлүүдө? Кыргызстанды башкаруучу элиталарды таптаган узак мөөнөттүү программа барбы?

Бир сөз менен айтканда, Сооронбай Жээнбековго жөнөкөй эмес мурас калды.

Азырынча коомчулукта Президентке болгон ишеним бар. Демек, өлкөнү өнүктүрүү багытында реформаларды жүргүзүүгө дагы убакыт бар. Анын негизги бөлүгүн башкаруу багытындагы реформа түзүүсү керек десек жаңылышпайбыз. Кадрларды тандоо боюнча атайын программа болуусу керек. Себеби баарыбызга белгилүү болгондой, “кадрлар баарын чечет” эмеспи..

 

Сере Чалканова — атайын Elgezit.kg үчүн

Редакциядан: «Elgezit.kg» материал үчүн жоопкерчилик албайт жана автордун пикири редакциянын көз карашын билдирбейт.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.