“Белизгейт” ишинен “жашыруун” деген гриф алына элек

Окуялар тизмеги 10 Янв 2019 09:18
0 ой-пикир

“Белизгейт» деген ат менен белгилүү болгон кылмыш ишинен «жашыруун» деген гриф алына элек. Буга байланыштуу документтер Башкы прокуратурага келип түшө электигин мекеменин басма сөз катчысы Наргиза Куватова “Азаттыкка” кабарлады.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетте (УКМК) кылмыш ишинен «жашыруун» деген грифти алып салуу боюнча комиссия түзүлүп иштеп жатканын мекеменин басма сөз кызматы 4-декабрда кабарлаган. Анын жыйынтыгы чыгарылгандан кийин материалдар Башкы прокуратурага жиберилиши керек болчу.

УКМКдан маалымат алуу мүмкүн болгон жок.

Башкы прокуратура саясатчылардын аты аралашкан кылмыш иши жашыруун иликтенчү материалдардын катарына киргендиктен комментарий берүүгө маалымат жетишсиз болуп жатканын билдирген. Ошондуктан андагы “жашыруун” грифин алып салуу сунушталганы айтылган.

Мыйзам боюнча, аталган грифти алып салыш үчүн УКМК комиссия түзүп, чечим кабыл алышы зарыл.

27-ноябрда Жогорку Кеңештин тармактык комитетинде өткөн жабык жыйында депутаттар маселе көтөрүп, эки жума ичинде “Белизгейт” ишинин материалдарынан «жашыруун» деген грифти алып, ачык иликтенчү иштердин катарына кошууну суранышкан. Депутат Исхак Масалиев «Сегизбаев парламентке келип туура эмес маалымат бергени үчүн тез арада жоопко тартылышы керек» деген оюн билдирген.

2016-жылы УКМКнын ошол кездеги жетекчиси Абдил Сегизбаев айрым депутаттар 2012-жылы “Альфа Телекомдун” мамлекетке өткөрүлбөгөн 50% акциясын сатууга аракет кылгандыгы Белиз өлкөсүнөн келген документтерде көрсөтүлгөнүн айтып чыккан. Ал сөз болуп жаткан документтерге Өмүрбек Текебаев, Аида Салянова, Алмамбет Шыкмаматовдун аты-жөнү жазылганын кабарлаган. Кийин документтин түп нускасы УКМКда жок экени белгилүү болгон.

Башкы прокуратура токтоп калган териштирүүнү улантып, укуктук баа берүүнү көздөп жатканын маалымдаган.

Гриф* — жашыруун маалыматтардын системалык классификациясы.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.