Ошто кылмыштуу топтун мүчөсүнүн унаасына атылган ок кайып жолдо бараткан тургундун башына тийген

Окуялар тизмеги 24 Дек 2018 13:13
0 ой-пикир

Ошто инспектордун кылмыштуу топтун мүчөсүнүн унаасына аткан огу кайып кетип 57 жаштагы тургундун башына тийди. Бул тууралуу 24-декабрда Ош шаарлык ички иштер башкармалыгынан кабарлашты.

Маалым болгондой, 23-декабрь күнү саат 11:30 чамасында Ош ШИИБинин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бѳлүмүнүн тескөөчүлөрү терезелери караңгылатылган Мерседес-Бенц унаасын көрүп, токтотуу аракетин көрүшкөн. Бирок айдоочу баш ийбестен качып кеткен. Саат 17:30 чамасында инспекторлор аталган унааны шаардын Ленин көчөсүнөн көрүп, кууп отуруп Исанов көчөсүнөн токтотушкан. Инспектордун бири унааны көздөй бараткан учурда айдоочу унаасы менен инспектордун оң бутун тебелетип качып кеткен.

Сүйүнбаев көчөсүнө жеткенде инспекторлор табелдик куралы менен унаага ок чыгарышкан. Атылган ок унаага тийип, андан кайып кетип жол жээгинде бараткан 57 жаштагы А.Юнусов аттуу тургундун башына тийген. Ок баш сөөк менен баш теринин ортосуна туруп калган. Натыйжада Юнусов жана бутунан жабыркаган милиция кызматкери С.Ажимаматов Ош шаардык ооруканасына жеткирилген.

«Качып жүргөн айдоочу бир саатка жетпей Төлөйкөн айылынан кармалды. Ал ошол айылдын 1999-жылы туулган А.А. аттуу тургуну болуп чыкты. А.А. кылмыштуу топтун мүчөсү катары ИИМдин каттоосунда тургандыгы, мурда каракчылык менен соттолгону белгилүү болду. Кармалгандан кийин өзү убактылуу кармоочу жайга, унаасы айып аянтчасына киргизилди. Унаадагы мамлекеттик номери да жасалма экендиги аныкталды.
Азыркы учурда бул факты боюнча окуянын күбөлөрү суралып, Кылмыш-жаза кодексинин 341-беренесинин 1-бөлүгүнүн негизинде кылмыш иши козголду жана тийиштүү экспертизалар дайындалды. Ал эми инспекторлордун курал пайдалангандыгы боюнча кызматтык иликтөө жүрүүдө», — деп билдиришти ШИИБден.

 

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.