Каржы министри кызматына Бактыгүл Жээнбаева сунушталып, анын талапкерлигин бүгүн парламенттик комитет карамакчы. Бул тууралууу депутат Исхак Масалиев тастыктады.
Эл өкүлүнүн айтымында, парламенттин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитетинин жыйыны 11-декабрдан 10-декабрга жылдырылган.
«Бүгүн каржы министри кызматына талапкердин маселеси каралат. Комитеттин эртеңки жыйыны бүгүнкүгө жылдырылды», — деди Масалиев.
Бактыгүл Жээнбаева президенттин кеңешчиси болуп июль айында дайындалган.
Адылбек Касымалиев каржы министри кызматынан өз арызынын негизинде 6-декабрда кеткен.