Учурдагы ысык жай бийликтин жана коомчулуктун алдында жаңы көйгөйлөрдү жаратып, жаңы маселелер чыкты – чек аралар тынч эмес, коронавирус күч алды, суу тартыш болуп, электр энергиясы жана айыл чарба тармагында көйгөйлөр жаралды. Азык-түлүккө, курулуш материалдарына жана күйүүчү майга болгон баалар күн санап жогорулоодо.
Бишкек, Ош жана Токмок шаарларында кайрадан өтүүчү шайлоо күнүмдүк маселелердин айынан унутта калгандай. Үгүт иштери башталды, партиялар бар, тизмелер түзүлдү. Жаңы Конституция бар жана бир катар мыйзамдарга өзгөртүүлөр киргизилип, айрымдары парламенттин кароосунда турат.
Бирок коомчулуктагы пассивдүүлүк жана атаандаштыктын жоктугу, болуп жаткан окуяларга жарандардын кош көңүлдүгү коомдун өзгөрүп бара жатканынан кабар берет. Күнүмдүк жашообуздагы кубулуштар менен катар, биздин түшүнүгүбүздө демократиянын идеялары, образдары жана баалуулуктары өзгөрүлүп жаткандай сезилет.
Коомчулук “демократиялык баалуулуктарды” сиңирип алуусу үчүн отуз жылдык эгемендүүлүк, үч революция жетиштүүбү?
Коомдук маанайдагы өзгөрүүлөр өлкөдөгү негизги эркиндиктердин келечегине коркунуч туудурабы? «Демократия аралынын» бар экендигинин аякташын ырастоого (билдирүүгө) болобу? Өлкөдөгү демократиялык ой жүгүртүүнүн тагдыры кандай?
Бул тууралуу Elgezit.kg сайтына саясий серепчилер пикирин билдиришти.
Саясат таануучу Эмиль Джураев : «Түшүнүүгө кыйынчылыктар аркылуу».
Кыргызстанда демократия оор күндөрдү башынан өткөрүп жатат. Бул жолу демократияга карама-каршы болуп жаткан окуялардын көпчүлүгү системалуу, тереңирээк болуп калышы мүмкүн. Жаңы кабыл алынган Конституцияда демократиялык башкарууга коркунуч жараткан көп учурлар бар. Бийликке башкаруучу болуп келген элиталардын арасында куру ураандардан тышкары демократиялык принциптерге олуттуу маани берген адамдар дээрлик жокко эсе. Көптөгөн мыйзамдарды кабыл алуу жана кайра карап чыгуу тездетилип жатат, натыйжада жарандык эркиндикти колдоонун механизмдери аз болуп, аларды кысымга алган рычагдар күчөтүлүүдө. Мунун бардыгы популисттик кадамдардын, сынчыл жана альтернативдүү пикирлерден баш тартуунун жана чыдамсыздыктын фонунда болуп жатат.
Президент Жапаров демократияны колдой турганын бийик трибуналардан бир нече жолу айткан. Демократия – бул татаал институционалдык түзүлүш, анда адам байкабай чаташып кетиши жана атайылап чаташтырышы мүмкүн. “Эл талап кылып жатат!” деген популисттик чакырыкты жамынуу менен тарыхта көптөгөн трагедиялар болуп, диктатура пайда болгон. Эгерде Кыргызстандын бийлиги демократияны сактоого жана бекемдөөгө кызыкдар болсо, анда алар бир нерсени түшүнүшү керек: бир институттун, лидердин, партиянын үстөмдүгү болгон жерде демократияга орун жок.
Демократияны жогорудан төмөн карай, күч менен куруу мүмкүн эмес.
Кыргызстандагы демократиянын кризиси канчалык олуттуу болбосун, так ушул кризистин аркасында коомдогу демократияны жактагандардын катарлары көбөйүп, демократияны горизонталдуу же төмөндөн жогоруга карай куруп жаткандар туруктуулугун көрсөтүшөт.
2020-жылдын жайындагы пандемияда, күзүндөгү саясий кризисте, Баткенде коңшулар менен болгон кризисте дал ушул демократиялык күчтөр тез, эффективдүү күч катары көрсөтө алышты. Бийлик мындай күчтөргө жакын болуп, алар менен иштеше билүүсү керек.
Ал эми жакынкы келечекте Кыргызстандын коомчулугу демократияга карама-каршы келген өзгөрүүлөрдү башынан өткөрөт.
Саясий серепчи Темирбек Орозбаев: «Үйрөнгөн, бирок жүрөк кабыл албаган баалуулуктар».
Демократиялык баалуулуктар тууралуу айтуудан мурда бул түшүнүктүн артында эмне бар экенин түшүнүү керек. Эң алгач Кыргызстанда эл бийликтин булагы экенин түшүнүү керек. Шайлоо тууралуу айтсак, Кыргызстанда шайлоо үзгүлтүксүз өтүп жатат, бюллетендерди таштанды челекке ыргытышпайт, аны кадимкидей санашат. Добуштарды сатып алуу болуп жатканы менен, “добуштарын саткандар” ой жүгүртө алган, бул ишке өз каалоосу менен барган адамдар экенин эстен чыгарбайлы. Бул демократиянын негизги талаюы, анын айрмасы башка өлкөлөр менен салыштырганда билинет, себеби айрым мамлекеттерде шайлоо өтпөйт же формалдуу түрдө эле өтүп, шайлоочулар, жада калса оппозициядагы талапкерлер дагы белгилүү бирөөгө, “ошол адамга” добуш беришет.
Бирок атаандаштык менен өткөн шайлоонун негизинде гана өлкөдөгү демократиялык баалуулуктар жөнүндө айтуу туура эмес болуп калат. Кантсе да, шайлоо бул белгилүү бир процедура же иш-аракеттердин алгоритми.
Пандемия бизге 1000 жолу алгоритм менен иш кылсаң дагы майнап чыкпай калышы мүмкүн экенин көрсөттү. Ошондуктан шайлоодогу атаандаштык жана белгилүү бир саясий плюрализм коомдогу демократиялык баалуулуктардын көрсөткүчү эмес, бузуку, коррупцияга баткан, кылмыштуу системанын көрсөткүчү.
Туура демократия – бул таланты бар, эмгекти сүйгөн каалаган адамдар ойной алчу жана күчтүү команда жеңишке жетишкен, көрүүчүлөр алдында эреже менен ойнолгон футбол. Бирок биздин демократия криминалдык териштирүүгө окшош: ал жакка белгилүү бир баалуулуктарга ээ адамдар киришет, оюн көрүүчүлөр үчүн эмес, эрежелер бүдөмүк, акыры биз туура эмес адамдарды тандап алабыз.
Бул жерде футболго окшош эмне бар? Бул жакта дагы, футболдо дагы атаандаштык бар жана күчтүүсү утат. Коом үчүн кайсынысы жакшы – криминалдык дүйнөдөгү атаандаштыкпы же бир “абройлуу” адамбы? Кыргызстанда демократиялык баалуулуктардан дагы бул суроого жооп издөө актуалдуураак.
Албетте, эмнеге мындай болот деген суроо жаралат.
Биринчиден, Кыргызстандагы шайлоолор канчалык атаандаштык менен өтпөсүн, акча шайлоодо ийгиликке жетүүнүн негизги фактору болуп саналат. Дагы көп акча табыш үчүн шайлоого акча менен барышат. Бул баарына белгилүү жана бийлик канча кооптуу болгону менен пайда көп түшкөн бизнес. Демек, Кыргызстанда шайлоо өткөрүүдө демократияга жетиштик деп айтуу азырынча эрте. Мисалга алсак, Бабанов менен Жээнбековдун ортосунан тандоо жасоо керек болуп жатса кайсы “тандоо” тууралуу кеп болуп жатат (бул биздин тарыхтагы эң күтүүсүз тандоонун мисалы).
Экинчиден, шайлоонун жыйынтыгын бизде эч ким сыйлабайт. Бирөөнү беш жылга шайлап, кайра эки жылдан кийин кууп салышат. Бул туура эле, себеби биз татыктуусун эмес, шайлоо болуп жаткан учурдагы акчалуусун тандайбыз. Бул акча түгөнөрү менен тандалган депутатка же президентке ишеним да жоголот. Жыйынтыктарды сыйлабоо – бул футбол тууралуу эмес, демек демократия тууралуу дагы эмес. Албетте, баары эле акча алып шайлабайт деңизчи. Кээ бирлери тууганым, жакыным деп шайлашат. Бирок мындай байланыш футболго ылайык келбейт.
Үчүнчүдөн, шайлоо таза, ачык жана мазмундуу атаандаштыктын элементи болушу үчүн, кадимки жаран, үй-бүлө белгилүү бир баалуулуктарды карманышы керек. Бул абийир алдындагы тазалык, эрежелерди сыйлоо, жоопкерчиликти ала билүү баалуулугу. Азырынча биздин коом бул баалуулуктарды карманбайт. Исхак Раззаковдун “сен таза болсоң, мен таза болсом, коом да таза болот” деген сөзүн эстен чыгарбашыбыз керек, бирок азырынча эч ким бул сөздү жүрөгүнө түйүп кала элек.
Натыйжада 30 жылда 3 революция болду, бирок мындан эч кандай майнап чыккан жок.