Алмаз Баратов — атайын Elgizit.kg үчүн
Чуулуу камоолор, чек ара чыры, коомдук унаанын айдоочуларынын нааразычылыгы, Орхан Инандынын жоголушу менен 1-июнь да өтүп кетти, бул күнү Жогорку Кеңешке шайлоо белгилениши керек эле. Бирок, жаңы Конституцияга ылайык, депутаттарды шайлоо эрежелерин аныктаган мыйзам долбоору депутаттар тарабынан дагы деле кабыл алына элек. Президенттин сайтында коомдук талкууга коюлган “Президентти жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо тууралуу” Конституциялык мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Конституциялык мыйзам долбоорун окуп чыгуу менен оюндун жаңы эрежелери кандай болорун билсек болот.
Формалдуу түрдө эмне өзгөрөт:
· Жогорку Кенеш 90 депутаттан турат, алардын 55и партиялык квота менен жана 35и мажоритардык түрдө депутат болуп келишет.
· Партиялар үчүн шайлоо босогосу 7%дан 3%га төмөндөгөн.
· Партиялар бир мандаттуу талапкерлерди чыгара алышат. Эгерде бир мандаттуу талапкер өзү шайлоого аттанса, анда ал талапкерлигин койгон округдан 100дөн кем эмес киши сунушташ керек.
· Эгерде кандайдыр бир себептер менен бир мандаттуу депутат ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотсо, анда эки айдын ичинде жаңы шайлоо өткөрүлөт. Бирок бул парламенттин мөөнөтүнүн бүтөрүнө бир жыл калганда гана иштейт. Эгерде андан аз мөөнөт калса анда жаңы шайлоо өтпөйт.
· Эгерде партия жана талапкерлер шайлоо мыйзамын бузганы аныкталса, шайлоодон четтетилишет, кийинки шайлоого катыша алышпайт.
Жаңы эски жүздөр жана эрежелер
Финансысы жана шайлоочусу көп талапкерлер үчүн партиялардын арасында күрөш жүрөт. Жер-жерлерден добуш алып бере алчу аймактык лидерлердин баасы өсөт. Алардын көбү партиялар менен байланышпай, бир мандаттуу округдан келүүгө аракет кылышат. Ал эми каражат жагына келсек, бул партиялык тизмеде биринчи ондукка илинүүгө барабар баа болот. Бирок бир мандаттуу округдан талапкер партиянын белгилүүлүгүнөн көз каранды болбойт. Ал тизмедеги башка талапкерлердин айынан актанып, партиянын мурдагы ишмердүүлүгүнө байланыштуу ыңгайсыз суроолорго жооп бербейт.
Бирок жаңы праламентте деле мурдагы эски жүздөр болбойт деген кепилдик жок. Бирок Жогорку Кеңеш бир аз “жандуу” болуп калат деген ишеним бар. Мажоритардык-пропорционалдык система бир мандаттуу округдар аркылуу Мадумаров сыяктуу саясатчылардын парламентке келүүсүнө мүмкүнчүлүктү жогорулатат. Мындай саясатчылардын кичи мекенинде колдоо бар, бирок бүтүндөй бир партияны “тартып” кетүү кыйын болот.
Негизи келечектеги парламентте бир мандаттуулар баалуу болот. Эгерде шайлоо партиялар үчүн 3%дык босого менен өтсө, анда фракциялар бир мандаттуу депутаттарды тартуу менен ирилешишет.
Шайлоо өтө татаал болот, атаандаштык күч болот. 3% босого көптөгөн партиялар үчүн Жогорку Кеңешке жетиштүү каражатсыз, өзгөчө жарнамасыз, атайын иш-
чарасыз эле кирүүгө мүмкүнчүлүктөй сезилет. Ошондуктан ар бир добуш үчүн катуу күрөш жүрөт.
Ал эми депутаттык корпустун жаңы курамы сапаттуу болобу десек, бир философ айткандай, үмут кылсак болот, бирок күтпөш керек.
Редакция макала үчүн жоопкерчилик албайт, автордун пикири редакциянын көз карашын билдирбейт.