Алмаз Баратов — атайын Elgizit.kg үчүн.
Үчүнчү июндан төртүнчү июнга караган түнү Тажикстан менен болгон чек арада абал кайрадан курчуду. Коңшулар Ош облусундагы Чоң-Алай районунун Унжу-Булак деп аталган такталбаган аймагына түнкү саат үчтөр чамасында контейнер коюшуп, Кыргызстандын аймагына бир чакырымдай кирип келишкен. Таң атканда тажик аскерлери контейнерди калтырып, 600 метрге жылышты, бирок биздин чек арачылар абалды курч деп баалашты. Чоң-Алай районунун 5 айлынын тургундары, негизинен аялдар, балдар жана карылар эвакуацияланды.
УКМКнын жетекчиси Камчыбек Ташиев өкмөттүн чек ара маселелери боюнча атайын өкүлү Назирбек Бөрүбаев, Жер ресурстары боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Абдулат Мырзаев менен бирге түштүккө учуп барды.
Тажик тарап менен сүйлөшүүлөр жүргөн соң протоколго кол коюлду. Эвакуацияланган тургундар үйлөрүнө кайта башташты.
Чек ара менен сыноо
Чек араны демаркациялоо жана делимитациялоо көйгөйү – жаңы кыргыз бийлигине мураска калган негизги көйгөйлөрдүн бири. Отуз жылдан бери Кыргызстандын президенттери чек ара көйгөйүн чечүү аракеттерин кылып келишти.
Эксперттик коомчулук, анын ичинде, чек ара көйгөйлөрүн иликтешкен эл аралык адистер талаш аймактарды демаркациялоо жана делимитациялоо маселесинде бир тараптын пайдасына чечилген учурлар болбойт деген пикирде.
Ар бир актор курмандыкка учурайт
Ошондуктан калк арасында нааразы болгондор чыгат жана саясатчылар бул маселени көтөрүү менен рейтингин көтөрүүгө аракет кылат. Ошондуктан, айрыкча чек ара аймактарында коомго түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, маалыматтык иш алып баруу өтө маанилүү.
Өзбекстан менен талаштуу аймактарды тез арада тактоо аракети туура чечим болгон. Бирок Камчыбек Ташиев чек арага чектеш аймактардын тургундарына түшүндүрүү иштерин жүргүзүү, медиадагы маалыматтык колдоо стратегиясы жагынан аксап калды. УКМКнын жетекчисинин сөздөрү контексттен бөлүнүп алынып, айрым ММКлар маанилүү эмес, ызы-чуулуу учурларга элдин көңүлүн буруп жатышты. Натыйжада Ташиев катаал жана чечкиндүү, бирок дипломат эмес жетекчи катары көрүнүп калды. Бирок Ташиев дипломат да боло аларын көрсөттү.
Эмоциясыз
Буга чейинки жаңжал, тактап айтканда, 2021-жылдын апрель айынын аягында Тажикстандын куралдуу бастырып кирүүсү кыргыз коомчулугун таң калтырып, Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиевдин бийлигине чыныгы сыноо болду. Айрым маалыматтарга караганда, Кыргызстан менен Тажикстандын ортосунда чек ара чыры боюнча бул жолкусу эң көп кан төгүлгөн жаңжал болду.
Садыр Жапаров президент катары борбор калаада калып, ар кайсы мамлекеттердин лидерлери менен байланышта болуп жатканда, Камчыбек Ташиев кызмат ордуна байланыштуу дароо алдыңкы сапка чыгып, сүйлөшүүлөрдү жүргүздү. Ташиев менен сүйлөшүүгө 2010-жылдан бери Тажикстандын коопсуздук комитетинин жетекчиси Саймумин Ятимов менен сүйлөшүү жүргүздү. Бирок Ятимовдун тажрыйбасы кыргыз тарап менен сүйлөшүү жүргүзүүдө артыкчылык берген жок.
Тажиктер эч кандай жеңилдик алышкан жок
Ал эми Ташиев өзү буга чейин көпчүлүк ойлогондой ага мүнөздүү болбогон токтоолукту, ал тургай дипломатия чеберчилигин көрсөттү.
Ал эми июнь айындагы Чоң-Алайга жакын жердеги кыргыз-тажик чек арасындагы талаш жерге байланышкан чырда Камчыбек Ташиев коомчулукка “жаңы” тарабынан таанылды. Провакациялык же популисттик билдирүүлөр прессага чыккан жок. Тажик тарап менен сүйлөшүүлөр өтө тез жүргүзүлүп, буд чырдын өрчүп кетүүсүнүн алдын алды. Коомчулук протокол менен тааныша алды, ал эми УКМКнын жетекчисинин журналисттерге берген маалыматы так жана даана болду. Өтө сын коз менен караганда дагы Ташиевге нааразычылык жаралчу учурлар болгон жок.
20-кылымдын француз ойчулу Реймонд Арон: «Мамлекеттер аралык мамилелер каармандардын конкреттүү жүрүм-турумунан билинет, мен аларды символикалык түрдө — дипломат жана аскер деп атайм» деп айткан.
21-кылымда экөө тең зарыл болуп турат, башкача айтканда, солдат дипломат жана тескерисинче болушу керек. Ташиев мырза Кыргызстандын кызыкчылыгы үчүн ушундай кызматташуунун ийгиликтүү үлгүсү болуп калабы же жокпу аны убакыт көрсөтөт. Кантсе да, тилекке каршы, Тажикстан менен болгон жаңжалдар акыркы эмес.
Бирок Камчыбек Ташиевде мындай мүмкүнчүлүк бар.
Редакция макала үчүн жоопкерчилик албайт, автордун пикири редакциянын көз карашын билдирбейт.