Темирбек Орозбаев – атайын Elgezit.kg үчүн.
Жакында эле депутат Дастан Бекешев «Маалыматты манипуляциялоо жөнүндөгү” мыйзамдын автору Гүлшат Асылбаеваны бул мыйзамды демилгелөөдөн баш тартууга чакырды. Эске сала кетсек, буга чейин коомчулук, жарандык коом бул мыйзам боюнча өз позициясын билдирип – ал сөз эркиндигин чектей турганын билдиришкен болчу. Натыйжада ошол маалдагы президент Жээнбеков 2020-жылдын август айында «Маалыматты манипуляциялоо жөнүндөгү” мыйзамды кайрадан парламентке кайтарган болчу. Ошентип, мыйзамды кайра иштеп чыгуу боюнча макулдашуу комиссиясы түзүлүп, бир топ ызы-чуу болгон.
Депутат Асылбаева Бекешевдин сунушунан баш тартып, бирок бул мыйзам боюнча макулдашуу комиссиясынын кандай чечими болбосун кабыл алууга даяр экендигин билдирди. Мындан сырткары, ал Дастан Бекешевдин бул комиссиянын курамына кирүүсүнө каршы болуп, “регламентке ылайык, мындай топторго демилгечилер жана тармактык комитеттин мүчөлөрү гана кире алат” деди. Бирок анын кесиптештери буга макул болушкан жок. Алар Бекешев комиссиянын курамына кирүүсүн добуш берүү аркылуу колдошту. Эми “Маалыматты манипуляциялоо жөнүндө” мыйзамдын автору Регламенттин жоболорун манипуляциялаганбы же жокпу, маанилүү эмес.
Бул маселе күн тартибинде калганы маанилүү.
Өткөн айларда бул мыйзам кабыл алынса кандай кесепеттер болору тууралуу ойлонууга мүмкүн болду. Бирок ага карабай, негизги учурларды атап кетели.
· Мыйзам долбоорунун негизги көйгөйү — кыянаттык менен пайдаланууга жол ачат, канчалык каалаганың менен объективдүү колдонуу мүмкүнчүлүгү төмөн. Натыйжада, кадимки эки нерсеге ээ болобуз: саясий күрөштө курал жана коррупциянын күч алуусу. Сөз эркиндиги айрым тар чөйрө үчүн артыкчылык болуп, өлкөбүз “четте калган” өлкөлөрдүн катарына кошулууга дагы бир кадам таштайт.
· Саясий курал: бул мыйзам долбоорунун бирден-бир натыйжасы — ал башкача ой жүгүрткөндөргө каршы күрөшүүдө мыйзамдаштырылган курал болуп калат. Ар бир пикир жалган деп бааланып калышы толук мүмкүн. Пикирлердин плюрализми эркин коомдун, эркин ой жүгүрткөн адамдын пайдубалы. Башкача ойлонуу плюрализмдин негизи. Эгерде мындай мыйзам иштеп турса азыркы президент бир жыл мурун социалдык тармактар аркылуу өз пикирин эркин билдире албайт болчу, себеби ал айткан маалыматтар ошол маалдагы президенттер Атамбаев жана Жээнбеков үчүн жалган маалымат катары эсептелмек.
Аягы жок айлампа: тандалма мамиле жасоого мүмкүнчүлүк берилген мыйзамдардын баары бийлик тарабынан оппозицияга каршы колдонулат. Ошондой эле мурдагы аткаминерлер дагы бул практиканын курмандыгы болуп калышы толук мүмкүн. Өлкөнүн баардык президенттери, көпчүлүк соттор, прокурорлор жана депутаттар алардын куралдары акыры келип өздөрүнө ок болуп тиерин билишет, анын азабын мойну менен тарткандар да бар.
Коррупция: бул мыйзам долбоору коррупцияга жаңы жол ачып жатат. Кандай маалымат болбосун ага чындык же жалган деп каалагандай баа берип койсо болот. Аны чече турган адамдын кызматы май-талкан жер болот.
Интернет жана жаңы шаймандар маалымат түшүнүгүн толугу менен өзгөрттү. Ар бир адам президентпи, соодагерби, окуучубу же соттолгон адамбы макамына карабастан дүйнө жүзүнө чыгуучу каналга ээ. Тролль фабрикалар жана маалыматты интернетте колдонуу – бул коррупцияга баткан олигархтар тууралуу гана эмес, бүтүндөй мамлекеттер тууралуу.
Маалымат дайыма курал болуп келген, бирок мурда курал өкмөттүн көзөмөлүндө болсо, азыр ал курал бардык жакта бар жана каалаган жагына атылып жатат. Алгоритмдер системасы, фолловерлер, лайктар маалыматтын тактыгын жокко чыгарды. Эң коркунучтуусу – бул системанын жана иштин мотору, жеке финансылык кызыкчылык, башкача айтканда, бизнес болууда.
Кыскасы, интернетте жана социалдык тармактарда кемчиликтер көп. Бирок алар менен Асылбаеванын мыйзамы аркылуу күрөшө албайбыз.
Редакция макала үчүн жоопкерчилик албайт, автордун пикири редакциянын көз карашын билдирбейт.