«Маселени тынчтык жолу менен чечкенге аракет кылабыз”, — Ташиев

Окуялар тизмеги 04 Июн 2021 17:17
0 ой-пикир

Улуттук коопсуздук комитетинин төрагасы (УКМК) башчысы Камчыбек Ташиев тажикстандын кесиптеши Саймумин Ятимов менен Ош облусунун Чоң-Алай районундагы кыргыз-тажик чек арасында жолугат. Бул тууралуу Ташиев Чоң-Алайда эл менен жолугушууда билдирди.

«Президент баарын көзөмөлгө алып турат. Тажикстандын Улуттук коопсуздук комитетинин башчысы жолугуп, тынчтык жолу менен чечкенге аракет кылабыз бул жакка келе жатат. Келсе жолугуп, тынчтык жолу менен чечкенге аракет кылабыз”, — деди Ташиев.

Кыргызстандын Чек ара кызматы 4-июнда таңга маал тажик аскерлери Ош облусунун Чоң-Алай районундагы Унжу-Булак деген жердеги тактала элек жерге контейнер орното баштаганын жана Кыргызстандын аймагына 1000 метр ичкери кирип келгенин кабарлаган. Ошол жерде тажик аскерлери, автомашиналар жана жеңил брондолгон техника топтоло баштаганы байкалган.

Чек ара кызматы тажикстандыктар чек аранын тактала элек тилкесине орноткон контейнерин калтырып, өзү тарапка кайра 600 метр ары кайканын билдирди.

Ташиев 4-июнда эртең менен Чоң-Алай районуна чукул учуп барган.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.