Кыргызстандын туристтик тармагы: инвестордун көз карашы

Аналитика, Окуялар тизмеги, Статьялар 28 Май 2021 10:56
0 ой-пикир

Олег Кудяков, Кыргыз-орус өнүктүрүү фондунун төрагасынын орун басары — атайын Elgezit.kg үчүн

Ондогон ар кандай экосистемаларга, тоолуу ландшафттарга, көптөгөн көлдөргө жана коруктарга ээ болгон Кыргызстан туризм тармагын өнүктүрүү үчүн эбегейсиз потенциалга ээ. Биринчи кезекте, ири туристтик кластерлердин пайда болушун шарттаган тоолуу туризм, экотуризм жана Ысык-Көлдө эс алуу багыттары бар. 2018-2040-жылдарга карата Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүү улуттук стратегиясында туризм экономиканын приоритеттүү тармагы катары саналат. Башка өлкөлөрдөн келген туристтер табияты, уникалдуу жаратылыш-климаттык шарттары бар эң кооз жерлерге суктанып келишет.

Бирок ушундай мүмкүнчүлүктөр болгону менен өлкө туристтерден акча таппаганына таң каласың. Пандемияга чейинки жылдарда туристтик тармак ИДПнын 5%ынан ашкан эмес. Туризмдин ИДПга кошкон салымы боюнча Кыргызстан КМШга жана ЕАЭБге кирген 8 өлкөнүн ичинен акыркы 7-орунда, ал эми дүйнөнүн 175 өлкөсүнүн ичинен 164-орунду ээлейт.

Эл аралык рынокто туристтик өнүмдү калыптандыруу боюнча алганда, Кыргызстан чет өлкөдөн келген туристтерди кызыктырган сунуш бере албай келет. Туристтик рынок негизинен жергиликтүү калкка гана багытталган, алардын болсо кирешеси аз.

2019-жылга карата Эл аралык саякат жана туризм секторунун атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүнүн индекси боюнча Кыргызстан дүйнөнүн 140 өлкөсүнүн ичинен 110-орунда болсо, КМШ жана ЕАЭБ өлкөлөрүнүн арасында акыркы орунда.

Эксперттик чөйрөдө тармакты өнүктүрүүнүн көйгөйлөрү жана келечеги тууралуу талкуу болгондо бул тармактын өнүкпөй жатканынын негизги себептеринин бири ар каржылоонун жетишсиздиги аталып келген. 2015-жылы Кыргыз-орус өнүктүрүү фонду түзүлгөндө узак мөөнөттүү акча булагы, анын ичинде туристтик долбоорлор үчүн каржы булагы пайда болду деген үмүт болгон.

Кыргыз-орус өнүктүрүү фонду иштеп баштаганда ар кандай тармактарды каржылоодогу приоритеттүүлүктү аныктап жатканда туристтик тармакка байланышкан долбоорлорду приоритеттүү тармактардын катарына кошкон. Биз туризмди өнүктүрүүдө инвестиция берсек, туура кадам жасалса мыкты натыйжа берет деп ишенгенбиз. Туризм тармагындагы долбоорлорду каржылоодо жакшы шарттар каралган: төмөн пайыздык чендер, насыянын узак мөөнөткө берилүүсү, консультанттардын кызмат көрсөтүүлөрүнө акы төлөө үчүн гранттык каражаттарды пайдалануу жана башка мүмкүнчүлүктөр берилген. Фонддун башкармалыгы бул шарттар тармактын өнүгүшүнө салым кошуп, эл аралык туристтердин келүүсүн шарттап, жаңы долбоорлордун пайда болушуна түрткү болот деп эсептеген. Мисалы, биз Ысык-Көлдө кызматтардын кеңири түрүн сунуш кылган жана өнүккөн инфраструктурага ээ болгон, жыл бою иштеген заманбап мейманканалар пайда болот, же заманбап тоо лыжа базалары курулат деп ойлогонбуз.

Бирок мындай долбоорлорду жергиликтүү бизнес сунуш кылган жок. Бизге Бишкекте эл аралык тармактарга тиешеси жок мейманканаларды куруу жана Ысык-Көлдө чакан туристтик комплекстерди, жеке эс алуу үйлөрүн куруу үчүн арыздар келип жатты. Бирок бул долбоорлордун эки категориясында тең кемчиликтер бар болчу. Биринчиден, республиканын борбору популярдуу туристтик багыттардын катарына кирбейт, адамдар бул жакка ишке байланыштуу же жалпы туристтик маршруттун аралык пункту катары келишет. Мындан сырткары, социалдык-саясий абалдын маал-маалы менен курчуп турганы борбордогу мейманканаларга эл көп келбей турганынан кабар берет. Борбордогу мейманканаларга келгендердин саны да жогору эмес (орто эсеп менен алганда, буга чейин белгилүү болгон мейманканалар үчүн жылына болжол менен 30%), жана эгерде туристтик агым сакталып калат деген күндө дагы жаңы мейманканалардын курулушу бул көрсөткүчтү жогорулатпайт. Ал эми Ысык-Көлдөгү чакан мейманканалар жөнүндө айта турган болсок, аларды көлдүн түндүк жээгиндеги эс алуучу жайлар эң көп курулган жерлерде курууну пландаштырышкан, андагы тейлөө деңгээли, эл аралык стандарттарга жооп бербейт жана алар кыска эки айлык эс алуу сезонуна гана багытталган.

Жалпылап айтканда, бизге келген долбоорлор атаандаштык жогору болуп, көп эс алуучу жайлар курулган аймактарда (Бишкек жана Ысык-Көлдүн түндүк жээги) курулуш ишин жүргүзүү боюнча болуп, башка туристтик каттамдарга жана жаратылышы кооз жайларга байланыштуу болбой жатты.

Мындай долбоорлор жалпысынан тармактын өнүгүшүнө түрткү бербей турганы айдан ачык болчу, анын үстүнө алардын жогоруда аталган факторлордон улам өзүн акташы үчүн көп мөөнөт талап кылынмак дагы биздин эсеп боюнча, каражатты кайра кайтаруу жагы да күмөн болчу. Алар буга чейин бар болгон варианттарды сунуштап жатышты. Бирок мейманкана бизнесине байланыштуу түшкөн сунуштардын ичинен мыктыларын Фонд каржылап берди.

Бул долбоорлор башка өлкөлөрдүн туристтерине басым жасаганы жана башка мейманканаларга салыштырмалуу сунушталган тейлөөнүн жогорку деңгээли менен башкалардан айырмаланды. Алардын бири Бишкекте ири эл аралык мейманканалар брендинин пайда болушу болсо, экинчиси Ысык-Көлдө бардык кызматтарды камтыган орто мейманкананын курулушу, үчүнчүсү Нарын облусунун борборунда эл аралык тейлөө сапаты бар заманбап мейманкананын курулушу менен байланыштуу ж.б.

Жалпысынан Фонд бир нече ири долбоорлорду түздөн-түз каржылаган, Фонд ишин баштагандан бери фонддун насыялык портфелиндеги туризм долбоорлорунун жалпы үлүшү 13%ды түзөт.

Туризм чөйрөсүндөгү долбоорлорду каржылоодо Фонд туш болгон көйгөйлөрдүн бири аймактарга барган туристтердин саны жана иштеп жаткан мейманканалардын толушу боюнча статистикалык маалыматтын жоктугу болду. Каржылоону камсыз кылуу боюнча чечимдерди кабыл алууда кыскача маалымат алуу мүмкүн эмес болгондуктан ошол аймактардагы өкүлдөрдүн эксперттик субъективдүү маалыматтарына таянууга аргасыз болуп жаттык. Бул көйгөй долбоорлордун киреше бөлүгүн баалоону бир топ татаалдаштырат. Бул көйгөйдү чечүү оор деле эмес, туристтердин жана саякатчылардын санын аныктоо боюнча эл аралык даяр ыкмаларды колдонсо болот. Бул үчүн бул тармакты көзөмөлдөгөндөр жана туризм ассоциациялары эс алуучу жайлардын ишин координация кылыш керек.

Кошумча каражаттарды тартуу жана долбоорлорду каржылоодо тобокелдиктерди алдын алуу үчүн Фонд башка инвесторлор, анын ичинде эл аралык каржы өнүктүрүү институттары, ири коммерциялык банктар менен активдүү кызматташат. Фонд тарабынан каралган туризм жаатындагы бардык долбоорлордун ичинен бир ири долбоор боюнча гана биргелешип каржылоо жөнүндө башка инвестор менен макулдашууга мүмкүн болду. Инвесторлор жалпы наркы 10 миллион доллар жана андан жогору болгон ири долбоорлорду кароого даяр, ал долбоорлордун демилгечиси өзү дагы олуттуу салым кошуп, жакшы күрөө коюп, насыясынын деңгээли төмөн болуп, эң негизгиси киреше деңгээли негиздүү болушу керек. Тилекке каршы, Кыргызстанда ушул жалпы критерийлерге жооп берген долбоорлор аз жана Фонд негизги өнүктүрүү институту катары бардык кредиттик тобокелчиликтерди өзүнө алышы керек болот.

Мындан сырткары, чет элдик, анын ичинде россиялык инвесторлорго демилгечи-компаниялардын расмий каржылык отчеттуулугу болушу керек, ал акыркы убактагы каржылык туруктуулукту тастыктап туруусу кажет. Көмүскөдөгү бизнестин деңгээли, расмий маалыматтарга ылайык, өлкөнүн экономикасынын 25% түзөт, ал эми эксперттердин маалыматы боюнча, анын жарымы. Айрыкча чакан жана орто бизнес чөйрөсүндө. Расмий отчеттуулукка өтүү милдети оңой эмес. Буга байланыштуу каржылоо тууралуу чечим кабыл алып жатканда Фонд ири долбоорлордун демилгечилерине каржылоону алган алгачкы жылдары “таза” отчеттуулукка өтүү шарттарын койчу. Айрым учурларда, жылдын аягында ишенимдүү аудитордук компания тарабынан көз карандысыз аудит жүргүзүлөт деген шарт менен каржылоо болот. Экономиканы модернизациялоо жана анын учурдагы абалын эске алуу милдетинин алдыда турган азыркы кырдаалда башкача жол көрө алган жокпуз.

Ишканалардын (туристтик гана тармак эмес, экономиканын башка тармактарында дагы) “таза” отчеттуулукка өтүүнүн артыкчылыктары төмөнкүлөр болду: инвесторлор менен иштөө мүмкүнчүлүгү, клиенттик базанын кеңейүүсү, операцияларды системалаштыруу мүмкүнчүлүгү, кызматтардын сапатын жакшыртуу жана жаңы кызмат түрлөрүн киргизүү.

Заманбап шартта буйрутма бергендер кызматташтыкты баштоодон мурун, жеткирүүчүлөрүн кылдат текшерүүдөн өткөрүшүп, бизнести жоопкерчилик менен жүргүзүү негизги критерийлердин бири болуп калды. Айрым тактикалык кемчиликтер: камсыздоочулар менен эсептешүүлөрдө убактылуу кыйынчылыктар, салыктыктардын жогорулашы.

“Таза” иштеп баштаган ишканаларга байкоо жүргүзүү менен алар кичине кыйынчылыктарды баштан кечиргени менен бизнес жүргүзүүнүн башка деңгээлине өтүп, жумуш көлөмүн көбөйтүп, узак мөөнөттүү буйрутмаларды алышкандыгын белгилей кетүү керек.

Туризм тармагына инвестициялардын келишине негизги тоскоолдук каражаттын жетишсиздиги эмес, рынокто киреше алып келе турган сапаттуу бизнес долбоорлордун жоктугу. Мындай деңгээлдеги долбоорлор биринчи кезекте, чет элдик туристтерге багытталышы керек. Көпчүлүк инвесторлор, анын ичинде

Кыргыз-орус өнүктүрүү фонду пайдалуу долбоорлорду издейт жана аларды ишке ашыруу үчүн каражат салууга даяр. Буга байланыштуу туризм тармагынын негизги көйгөйү инвестициялык булактардын жетишсиздиги деп айтуу туура эмес. Акчалар өзүн өзү актай турган бизнес-моделдерге келет, болбосо насыя алгандар жана экономика үчүн жоготуулар болот. Ошондуктан суроону башкача берүү керек – Кыргызстандын туризм тармагында сапаттуу, узак мөөнөттүү бизнес-долбоорлордун пайда болуусуна кандай коркунучтар тоскоол болууда?

Негизги коркунучтарды саясий, инфраструктуралык жана маркетингдик деп шарттуу бөлсөк болот.

Саясий коркунучтар чоң роль ойнойт жана олуттуу инвестициялар үчүн тоскоолдук жаратат. Алар социалдык кырдаал курчуп, массалык башаламандыктар болуп, ишкердик объектилерине коркунучтар жаралган учурда инвестициялардын коопсуздугу жана компенсация төлөө боюнча мамлекеттик кепилдиктердин жоктугунда. Коркунучтар өлкөнүн ар кайсы аймактарындагы ишкердик субъекттери менен жергиликтүү калктын ортосунда чыр-чатактар мезгил-мезгили менен тургандыгында. Мисалы, 2020-жылы Ысык-Көлдүн жергиликтүү айылдарынын жашоочулары мейманканалардын ээлерине бир катар талаптарды коюшкан, анын ичинде пансионаттардын аймагына тоскоолдуксуз кирүү, инфраструктураны жана көл жээгин акысыз пайдаланууну талап кылышкан. Айрым учурларда мейманканалардын ээлеринен акча талап кылуу максатында коркутуу фактылары болгон, буга Президент Садыр Жапаровдун кийлигишүүсү талап кылынган, ал Ысык-Көлдүн жээгинде жайгашкан санаторийлердин мүлктөрүнүн коопсуздугун камсыз кылуу боюнча чараларды көрүүнү тапшырган.

Инфраструктуралык коркунучтар эс алуучу объектилерин куруу жана туризмди өнүктүрүү үчүн потенциалдуу жагымдуу инфраструктуранын жоктугу, анын ичинде, автомобиль жолдору, электр тармактарына кошулуудагы көйгөйлөр, суу менен камсыз кылуу көйгөйлөрү бар. Бул көйгөй Бишкек менен Ысык-Көлдүн түндүк жээгин эске албаганда өлкөнүн бардык аймактарында актуалдуу. Мейманкананын айланасын жакшыртуу дагы маанилүү маселе. Инфраструктураны каржылоо маселесинде бизнес мамлекеттен үмүт кылат. Ошондой эле коркунучтун бул түрүнө Кыргызстандын курорттук багытындагы аймактары менен чет өлкөдөгү шаарлардын ортосунда чартердик каттамдардын жоктугун да киргизсек болот.

Маркетингдик коркунучтарга Кыргызстандын эл аралык туристтик рынокто белгисиз болгондугу. Өлкөнү эл аралык туристтик рынокко чыгарууда мамлекеттин ролу активдүү болушу керек.

Коңшу өлкөлөрдөн мисал келтирсек, Грузиянын, Өзбекстандын тажрыйбасын алсак болот, акыркы жылдары алардын маркетингдик топтору туристтик кластерлерди (маданий туризм, экотуризм, кышкы туризм) түзүү жана жайылтуу аркылуу эл аралык туристтердин агымын кыйла көбөйтө алышты. Тармактын өнүгүшүнө тоскоол болгон жогоруда айтылган негизги коркунучтарды азайтуу маселеси комплекстүү каралышы керек жана мамлекет менен бизнестин координациясын талап кылат. Бардык көйгөйлөрдү бизнеске оодарып коюу экономикалык абал ушул бойдон эле алдыга жылбай тура берет дегендик. Бул коркунучтарды акырындык менен жоюу Кыргызстандын туристтик тармагындагы долбоорлорго каражат салуу тууралуу чечим кабыл алган инвесторлорго “жашыл жарык” болуп берет.

Автор тууралуу:

Кудяков Олег Амирович — кесипкөй финансист, евразиялык интеграциялык долбоорлор боюнча эксперт.

2000-жылдан 2015-жылга чейин Внешэкономбанкта – Россиянын экономикасын өнүктүрүү үчүн негизги институтта иштеген. Кыргыз-орус өнүктүрүү банкы негизделгенден тарта төраганын орун басары болуп иштеп келет, Кыргызстандагы тармактык жана аймактык экономиканы өнүктүрүү маселеси боюнча бир катар макалалардын автору.

[i] Кененирээк: kg.akipress.org/news:1653372/?f=cp

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.