Саганын уландысы барбы…?

Аналитика, Окуялар тизмеги, Статьялар 04 Июн 2021 11:45
0 ой-пикир

Белгилүү саясат таануучу Эмиль Жураев Elgezit.kg. сайтынын суроолоруна жооп берди.

— Акыркы күндөгү камоолордун “Кумтөр” менен байланышкан кылмыш ишинен сырткары дагы башка себептери барбы?

— Кыргыз саясатындагы салмактуу адамдардын кармалышын расмий түрдө “Кумтөр” менен байланыштырышканы менен ар кандай реакцияларды жаратууда. Бир четинен алсак, “Кумтөр” иштеп баштагандан тарта эле бир катар бузуулар, коррупциялык иш-аракеттер болуп келген.

Кыргызстан канадалык компанияга эң чоң айыптарды тагып жатып, ошол эле маалда биз тараптан эч кимди жоопко тартпай же чоң кызматтарда эмес, алардын кол алдында иштеген аткаруучуларды гана жоопко тартып койсо таң калычтуу болмок. Бирок, башка жагынан алсак, Кыргызстанда “Кумтөр” иштеген 20-25 жыл аралыгында канча адам коррупцияга жана мыйзам бузууларга катышышы мүмкүн экенин эске алсак, аз сандагы гана адамдар жоопко тартылса, анда бул акыйкат болбой калат. Иликтөө эми эле башталганы түшүнүктүү жана бул иштин уландысы да болсо керек. Бирок, “Кумтөргө” байланышкан маселеде дайыма катышып келген айрым адамдар жооп бербей эле, тескерисинче, бул иште башкы дирижер болуп, камакка алынбай жатканына эл түшүнбөй турат.

Акыйкат тергөө жана адилеттүүлүк менен иш алып баруу иш жүзүндө өтө татаал. Бул процесс качан жана ким менен токтой турганын элестетүү өтө кыйын. Бирок бул азыр биздин өлкөдө болуп жаткан адилеттүү эмес “кустуризация” кампаниясынын бир бөлүгү эмес деп ишенем.

— «Кумтор» – бул саганын уландысын кандай көрөсүз? Соттук териштирүүлөрбү же тынчтыкпы? Эгерде арбитраждык териштирүүлөр болсо, биздин мүмкүнчүлүктөрүбүз канчалык?

— “Кумтөрдүн” тагдыры тууралуу бир нерсе айтуу азыр кыйын. Бул долбоор башынан эле чыр-чатактар менен коштолуп келе жатканын көрүп жатпайбызбы.

Бул иште адилеттүүлүк орношу керек, бул акыры бир күнү болушу керек эле. Бирок бул ишти юридикалык жактан кынтыксыз, экономикалык жактан чыгымсыз жана саясий жактан жоопкерчиликтүү кылуу үчүн кандай кадамдарды кылуу керек… бул өтө оор. Азыр Кыргызстан “Кумтөрдү” жетектөөнү Центеррадан алып, өзүнүкүн киргизди.

Алдыда өтө татаал жана узакка созулган соттук процесстер бар, анда Кыргызстан азыркыдай кызуу кандуу, чечкиндүү кадамдар менен гана эмес, ынанымдуу аргументтерди, далилдерди келтирип, биздин укуктук позициябызды сактоосу керек.

Менин оюмча, бул процесстерде Кыргызстандын жеңишке жетүү мүмкүнчүлүгү бар — жана сыягы, бир эле эмес, көптөгөн териштирүүлөр болот — бирок, бул теориялык мүмкүнчүлүктөрдү ишке ашыруу үчүн чыныгы акылдуу кадамдар, күчтүү юристтер керек. Суроону туура бердиңиз, бул маселеде сага узак болчудай. Биздин парламентти ынандырган аргументтер жана ыкмалар эл аралык арбитрде иштебей калышы мүмкүн. Ал эми алдыга көз чаптырсак, “Кумтөрсүз” кантип жашоону улантуу керектиги тууралуу олуттуу ойлонуу зарыл. Кыргызстан тоо-кен тармагына басым жасабай, кантип экономиканы өнүктүрсө болорун ойлонуусу керек.

Себеби жерди казуу жаратылышка, экологияга, адамдардын жашоосуна зыян алып келет.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.