Президент Баткендин эли менен жолукканга барды

Окуялар тизмеги 06 Май 2021 10:47
0 ой-пикир

Президент Садыр Жапаров 6-майда жумушчу сапар менен Баткенге барды. Президенттин аппаратынын маалымат саясаты бөлүмүнүн билдиришинче, ал чек ара коогасында жабыркаган аймактарды кыдырып, жергиликтүү тургундар менен жолугат.

Жапаров 5-майда “Баткен облусунун чек арадагы айылдарын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча биринчи кезектеги чаралар жөнүндөгү” жарлыкка кол койгон.

Ага ылайык, бул максатта премьер-министр төрагалык кылган мамлекеттик комиссия түзөлөт жана аталган облуста президенттин атайын өкүлү дайындалат.

“Комиссиянын чечимдеринин аткарылышын камсыз кылуу, мамлекеттик органдардын ишин координациялоо, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен өз ара аракеттенүү жана жергиликтүү элге жардам көрсөтүү президенттин атайын өкүлүнүн негизги милдеттери болуп эсептелет деп белгиленсин”, — деп жазылган жарлыкта.

Документке ылайык, өкмөткө, Улуттук банкка чек ара жаңжалынан жабыркаган аймакка, жарандарга ар тараптан жардам берүүнүн жол-жобосун, тартибин иштеп чыгуу, долбоорлорду, программаларды даярдоо тапшырылды.

28-30-апрель жана 1-майда кыргыз-тажик чек арасында болгон куралдуу жаңжалда 36 кыргызстандык курман болуп, 180ден ашууну жараат алды.

Тажикстанда 20 киши каза болгону айтылганы менен, расмий он киши кайтыш болгонун билдиришти.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.