Түп районунда 8-класстын окуучусу кош бойлуу экени аныкталды. Маалыматты райондук билим берүү бөлүмүнөн тастыкташты.
Маалым болгондой, мугалимдерге 15 жашар кыз кош бойлуу экени үстүбүздөгү жылдын 19-апрелинде маалым болгон.
Камила (окуучунун аты өзгөртүлдү) апрель айынын башында апасына ичи ооруп жатканын айтып, дарыгерлерге кайрылган. Анда 27 жумалык кош бойлуу экени аныкталган.
«Болжолду түрдө кош бойлуу болгон мезгил 2020-жылдын ноябрь айына туура келет. Ал кезде окуучулар онлайн режимде билим алып, ата-эненин көзөмөлүндө болгон. Камиланын ата-энеси бар. Мектепте жакшы окучу. Сураштыра келгенде 10-класста билим алган жигити болгон экен. Бакыттын (окуучунун ысымы өзгөртүлдү) апасы Россияда иштеп, ал таенесинин колунда тарбияланып жаткан. Азыр кош бойлуу кыз дарыгерлердин көзөмөлүндө болот. Убактылуу мектепке барбайт. Кийин окууну улантып кетүүгө болот», — дейт билим берүү бөлүмү.
Сүрөт интернеттен алынды