«ИИМдин кызматкеримин» деп калп айткан адам 50 миң сом пара алып жаткан жеринен кармалды

Окуялар тизмеги 29 Мар 2021 11:41
0 ой-пикир

Пара талап кылуу фактысы боюнча Ички иштер министрлигинин жалган кызматкери жана анын шериги кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 2021-жылдын 26-мартында УКМК Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 326-беренесинин 1-бөлүмү («Пара талап кылуу») фактысы боюнча Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган сотко чейинки өндүрүштүн алкагында КР ИИМ ички иликтөө кызматы менен биргеликте 50 миң сом өлчөмүндөгү акча каражатын пара катары алып жаткан учурунда Л.Д.Э. жана Т.у.Ж. аттуу КР жарандары кармалышты.

Такталгандай, кармалган Л.Д.Э., анын шериги Т.У.Ж менен биргеликте өздөрүн Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук милициясынын кызматкери катары тааныштырышып, ортомчулук кылып жатасын дешип кылмыш жоопкерчилигине тартуу үчүн Сокулук районунун жашоочусунан 5 миң АКШ долларын талап кылышкан.

Белгилей кетсек, аталган Л.Д.Э. мурда арыз ээсинен 190 миң сом жана 1 миң АКШ долларын алган.

Кармалгандар КР УКМК тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда тиешелүү ыкчам-тергөө иш-чаралар улантылууда.

Cүрөт интернеттен алынды

Есть тема, видео, фото? Вы можете сообщить новость Elgezit.kg, отправив ее в WhatsApp или Telegram по номеру (0702) 825-261

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.