ИИМ үгүт иштерине байланыштуу 55 маалыматты каттады: он экиси кылмыш иши, 13ү жоруктар

Окуялар тизмеги 29 Мар 2021 16:32
0 ой-пикир

Ички иштер министрлиги (ИИМ) 11-апрелге белгиленген жергиликтүү кеңештин шайлоосуна жана референдум боюнча үгүт иштерине байланыштуу 55 маалыматты каттады. Анын он экиси кылмыш иши, 13ү жоруктар.

ИИМдин басма сөз кызматы тараткан расмий кабарга ылайык бул маалыматтар 13-марттан 27-мартка чейинки убакта катталган.

Министрликтик үгүт учурунда жана шайлоонун жүрүшүндө коомдук тартипти жана коопсуздукту камсыздоо үчүн аймактардагы башкармалыктардын жетекчилери менен онлайн кеңешме өткөргөн.

Ички иштер министри Улан Ниязбеков таза шайлоону камсыздоо үчүн милиция бардык күч-аракетин жумшаарын билдирген.

“Шайлоо таза өтүшү керек, добуш сатуу же сатып алуу деген болбошу керек. Таза шайлоо – бул Кыргызстандын келечеги. Биз шайлоо жана референдумду өткөрүү учурунда коомдук тартипти жогорку деңгээлде камсыздап, ар кандай тартип бузууларга жол бербешибиз керек. Шайлоого байланыштуу бардык материалдар дыкат иликтенип, мыйзам чегинде гана чечимдер кабыл алынат”, – деди Ниязбеков.

Кыргызстанда жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо 11-апрелде өтөт. Ал күнү өлкөдөгү 448 кеңештин, анын ичинде 28 шаардык жана 420 айылдык кеңештин депутаттары шайланат.

Бул өнөктүк менен чогуу Баш мыйзамды өзгөртүү боюнча референдум да болот. Добушканаларда шайлоо жана референдум үчүн деп эки башка үкөк коюлуп, шайлоочуларга экиден бюллетень берилет.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.