21-кылымда Кыргызстанды интернет, компьютерлер, смартфондор жана электрондук кызматтар каптады. Бүгүнкү күндө жаңы технологиялар биздин жашообуздун бардык тармактарына жайылды. Жашообузду интернетсиз элестете албай калдык. Бизнес коомдун эң активдүү бөлүгү катары өзүнүн ишине жаңы технологияларды киргизип келет. Дүкөндөн сатып алууларды, лабораториялык тесттердин жыйынтыктарын, онлайн тренингдерди жана видео конференцияларды диванда отуруп эле ишке ашырсаң болот. Жада калса, Бишкектеги эң жөнөкөй кафелердеги официанттар интернет жана смартфондор аркылуу ашканага тапшырык жөнөтүшөт.
Смартфондор пайда болгону бүтүндөй дүйнө жүзү чөнтөгүбүздө болуп калды. Бул эң жөнөкөй шайман аркылуу биз планетанын эң алыскы бурчтарына жетип, дүйнөнүн сырларын билип, акыркы жаңылыктар менен тааныша алабыз. Маалымат чоң нерв системасы сыяктуу бир заматта планетаны айланып өтүп, дүйнөнүн ар кайсы бурчтарында тиешелүү реакцияларды жаратат. Биз, адамзат, планетанын нейронуна айландык. Маалыматты иштеп чыгуунун ылдамдыгы бизди фантастикалык кесепеттерге алып келген чоң планеталардын мээсине окшоштурушу мүмкүн …
Кыргызстан бул багытта мезгилден артта калган жок. Кыргызстан тоолуу аймак болгондуктан зымдуу интернетти киргизүү деңгээли төмөн болгону менен мобилдик интернет тез келип жетти. Учурда кыргызстандыктардын 99%ына мобилдик тармактар жана Кыргызстандын аймагынын 94%ына жогорку сапатка ээ болгон 4G мобилдик интернет жеткиликтүү. КМШ өлкөлөрүнүн ичинен 4G мобилдик интернет менен камсыз болуу боюнча Кыргызстан алдыңкы катарда. Кыргызстандын 15 жаштан жогору болгон калкынын 63%ы Интернетти колдонот жана жыл сайын алардын саны 38%га көбөйүүдө (башкача айтканда, болжол менен жылына 500 миң жаран).
Мындан сырткары, британиялык Cable.co.uk изилдөө компаниясынын маалыматына ылайык, Кыргызстан интернеттин арзандыгы боюнча КМШ өлкөлөрүнүн ичинен биринчи жана дүйнө жүзү боюнча Индиядан кийин экинчи орунда. Бул келечекте өлкөбүздө маалыматтык технологиялар тездик менен өнүгөт дегенди билдирет.
Интернеттин акысы төмөн болгонунан сырткары, келечекте Кыргызстан аймакта бекер спутник интернети бар өлкөлөрдүн катарына кириши мүмкүн, себеби ал британиялык OneWeb компаниясынын спутник интернети боюнча долбооруна катышкан 6 өлкөнүн катарында.
Интернет жана жаңы технологиялар кыргызстандыктардын экономикасына, билим берүүсүнө гана эмес, мамлекеттик башкарууга да кирди. 2018-жылы “Түндүк” электрондук өз ара аракеттенүү борбору түзүлгөн, анын максаты мамлекеттик органдардын ортосунда байланышты жана жарандар үчүн мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү онлайн режимге өткөрүүнү камсыз кылат. 2019-жылы “Түндүк” эстониялык X-Road моделинин базасында электрондук башкаруу системасынын негиздерин киргизүү боюнча ийгиликтерди жараткандыгы үчүн эл аралык сыйлыкка ээ болгон. Учурда “Түндүк” системасына 67 мамлекеттик орган киргизилген жана алар электрондук түрдө маалымат алышып турушат; жарандарга 103 мамлекеттик кызматтын 80и электрондук түрдө көрсөтүлө баштады. Мындан сырткары 2017-жылдан тарта Кыргызстандын жарандарынын паспортторунда (ID-card) жеке жана биометрикалык маалыматтар жазылып, кошумча электрондук-санарип колдор коюлган, бул ар бир жаранга добуш берүү укугун берет.
Электрондук өкмөт 21-кылымда калимки көрүнүш болуп каларын 90-жылдары аналитикалык институттардын окумуштуулары жазышкан. Азыр Кыргызстан электрондук өкмөт киргизүүсү боюнча Борбордук Азияда экинчи орунда турат. Бирок окумуштуулар мамлекеттик башкарууга санариптештирүүнү киргизүү менен эле токтоп калган жок, алар санарип демократия (electronic democracy) концепциясын иштеп чыгышты. Электрондук демократия бул мамлекеттин келечектеги үлгүсү, анда ар бир жаран бул же тигил мыйзам долбооруна, мамлекеттик чечимдерге интернет аркылуу, компьютердин же телефондун жардамы менен добуш бере алат. Жарандар өздөрү демилгечи болуп, добуш берип, сунуштарды киргизе алышат. Жарандардан келген демилгелерди жана сунуштарды кароо менен юристтер тобу алек болот. Кабыл алынган чечимдерди ишке ашыруу менен өкмөт алек болот, алар азыркыдай эле иштей беришет. Ошентип, бийликтин мыйзам чыгаруу бутагы парламенттен жарандарга өтөт, ал эми өкмөт жана сот бийлиги кадимки режимде иштей берет.
Электрондук демократияны киргизүү боюнча Эстония, Исландия, Швейцария биринчи орунда турат. Бул өлкөлөр санарип технологияларды бара-бара мамлекеттик башкаруунун бардык тармактарына киргизип, келечекте электрондук демократия принциби менен иштеп, парламенттен толугу менен баш тартканы жатат. Алар этап-этабы менен жаңы моделге өтүүгө мажбур болушууда, анткени алар бир кылымдык тарыхы бар, иштеги эффективдүүлүгү жогору жана коомдук ишенимге ээ парламенттерден бир күндө баш тарта алышпайт.
Алардан айырмаланып Кыргызстанда парламенттин кылымдык тарыхы, жумушунун эффективдүүлүгү, калктын ишеними жок. Кыргызстанда депутаттар пайдага караганда көп зыян келтиришет! Өнүгүү болбой эле, жоопкерчиликсиз мамиледен улам коррупция гүлдөп, маал-маалы менен нааразычылыктар болуп турат…
Учурда биздин өлкөдө уникалдуу тарыхый абал түзүлдү, биз саясий уурулардан, канынаны уурдап жаткандардан, билимсиздерден арылууга убакыт келди. Бул үчүн Эл Курултай (Эл – “элдик” жана “электрондук”) түшүнүгүн киргизүү керек, анда Кыргызстандын эли парламент болот жана ар бир жаран депутат болот. Мындай болсо биздин өлкө адамзаттын тарыхындагы алгачкы санарип демократияга өткөн өлкө гана эмес, бир топ көйгөйлөрдү чечкен мамлекет болуп калат.
Биринчиден, Эл Курултай коррупцияны азайтат, себеби бардык мыйзамдар жана чечимдер ачык жана жарандардын өзү тарабынан кабыл алынат дагы, кабыл алынган чечимдер 120 депутаттын эмес, жалпы коомчулуктун кызыкчылыгына иштейт.
Экинчден, чечим кабыл алынган адамдарга кысым болуп, аларды сатып алууга болгон аракеттер токтойт, себеби 120 депутатты сатып алуу, аларга басым көсөтүү оңой, ал эми Эл Курултайда 3,5 миллион адамга анда мамиле кыла албайсың.
Үчүнчүдөн, 120 депутатты кыскартуу аларга жылына кеткен 10 млн долларды үнөмдөйт, аларды 5 жыл сайын шайлоого кеткен 10 млн сом да казынада калат, ошондой эле нааразычылыктар, көтөрүлүштөр болбойт.
Жогоруда саналгандар бул моделдин айрым артыкчылыктары гана. Анын жыйынтыктарына азырынча баа берүү кыйын, бирок алар мамлекеттик башкарууда гана эмес, укук, экономика, айлана-чөйрөнү коргоо, ал тургай маданият сыяктуу чөйрөлөрдө болору шексиз.
Мамлекеттик башкаруунун мындай инновациялык моделин киргизүүдө, мүмкүн болгон тобокелчиликтерди эске алуу керек, ошондуктан илимпоздор бул тобокелдиктерди эсептеп гана тим болбостон, аларды чечүү жолдорун да эске алышты.
Биринчиден, системага хакердик чабуулдар болуу коркунучун эске алышкан. Жаңы технологиялардын күнүмдүк прогресси бүгүнкү күндө мындай тобокелдиктерди азайтуунун ар кандай жолдору бар экендигин, мисалы, блокчейн системасы көрсөтүп турат. Мындан тышкары, кепилденген коопсуздук үчүн, ачык добуш берүү жүргүзүлүп, ар бир жаран анын жыйынтыгын көрүп, добуштардын санын эсептей алат.
Экинчиден, калктын көпчүлүк бөлүгү өзүнүн компетентсиздигинен улам өкмөттүн маанилүү чечимдерин кабыл алууга даяр болбой калышы мүмкүн экендиги дагы эске алынды. Бирок учурдагы 120 депутат деле бардык тармакта эксперт эмес. 3,5 млн адамдын ичинен бул же тигил тармакты мыкты түшүнө билген адамдар көп болушу толук мүмкүн. Ошондуктан, белгилүү эксперттер атайын тематикалык комитеттерди түзө алышат, алар маселе жалпы добушка коюлганга чейин (бүгүнкү парламентте болуп жаткандай), алардын оң корутундуларын бериши керек. Мындан сырткары, эксперттер белгилүү бир мыйзам долбоорунун же чечимдин оң жана терс жактары жөнүндө коомчулукка жигердүү маалымат беришет жана билим беришет (бүгүнкүдөй). Анын үстүнө, көпчүлүк компетенттүү эмес жарандар жөн гана добуш беришпейт, анткени алар бүгүн шайлоого барышпайт. Эгемендүүлүк, светтик, адам укуктары сыяктуу фундаменталдык маселелерге токтолсок, алар конституцияда алдын-ала белгилениши керек, андан соң өзгөрүүлөр болбойт.
Кыргызстан көптөгөн маанилүү маселелерде алгачкылардан болгон. Биздин өлкө Борбор Азияда биринчилерден болуп көз карандысыздыгын жарыялаган, КМШ өлкөлөрүнүн ичинен биринчи болуп улуттук валютасын киргизип, Дүйнөлүк соода уюмуна кирген, региондо биринчи болуп президентин алмаштырган жана муну бир нече жолу кайталаган. Биздин эл эр жүрөк жана тайманбас иштерди жасаганга көнүп калган, алардын тайманбастыгы бирөөлөрдү коркутуп, бирөөлөрдү кубандырат. Биз дагы бир революция жасай алабыз, бирок бул жолу тынчтык, илимий жактан негизделген, прогрессивдүү жана жаркын революция болушу керек. Төңкөрүштөрдүн дүйнөлүк лидери болууну токтотолу, санарип демократиянын лидери бололу! Бүгүнкү күндө буга бардык негиздер бар: толугу менен чириген парламент, жарандардын ишенимин жоготкон саясий элита, элдин салттуу курултай институтун жандантууга умтулуусу жана анын фонунда калкты дээрлик 100% камтыган мобилдик Интернет, бардык керектүү техникалык шарттар, компетенттүү адистер, эң башкысы чечкиндүүлүк жана эркиндикти сүйүү.
Автор: Саясий илимдердин доктору Азамат Темиркулов