Баткен районунда баңгизат жана курал-жарактар, ок дарылар сакталган жер аныкталып, ээси изделип жатат

Окуялар тизмеги 14 Мар 2021 19:08
0 ой-пикир

Баткен районунда баңгизат жана курал-жарактар, ок дарылар сакталган жер аныкталып, бул ишке тиешеси бар кишилерди аныктоо аракети көрүлүп жатат. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) басма сөз кызматы маалымдады.

“Жашырылган жерден мылтыктын 5,45 жана 7,62 мм. калибрдеги 37 даана ок жана жалпы салмагы 250 граммдан ашык марихуана жыттанган зат табылды”, — деп билдирди атайын кызмат.

Факт боюнча 11-мартта Жазык кодексинин 253-беренеси (“Куралды, ок-дарыларды мыйзамсыз жүгүртүү”) боюнча Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки териштирүү башталды. Табылган буюм, заттар экспертизага жиберилди.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.