Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров бүгүн, 12-мартта, Өзбекстан Республикасынын премьер-министри Абдулла Арипов менен жолугушту. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирет.
Кыргыз-өзбек эки тараптуу кызматташтыгынын артыкчылыктуу багыттары, анын ичинде соода-экономикалык, суу-энергетикалык, транспорт, маданий-эс алуу жана башка тармактар боюнча пикир алмашуу болду.
Президент Садыр Жапаров сүйлөшүүлөр үчүн бардык аянтчаларды ырааттуу колдонууну сунуштоо менен эки өлкөнүн өкмөттөрү жетишкен келишимдер боюнча жигердүү иш-аракеттерди күчөтүүнүн зарылдыгын белгиледи.
Садыр Жапаровдун айтымында, биринчи кезекте кыска убакыттын ичинде эки тараптуу кызматташуу боюнча кыргыз-өзбек өкмөттөр аралык комиссиянын жыйынын уюштуруу керек. Президент дүйнөлүк экономикалык кризиске карабастан, өз ара соода жүгүртүүдө оң динамика сакталып тургандыгын белгиледи.
Сүрөт интернеттен алынды