Ханты-Мансийсктеги тилсиз жоодон кыргызстандык мигранттардын эки баласы каза болду

Окуялар тизмеги 12 Мар 2021 12:58
0 ой-пикир

Россияда өрт кырсыгынан кыргызстандык мигранттардын эки баласы каза болду. Бул тууралуу маалымат Орусиянын Тергөө комитетинин Ханты-Мансы аймактык бөлүмүнүн расмий сайтына жарыяланды.

Мекеме билдиргендей, кырсык 11-мартта Сургут шаарында жеке тамдардын биринде болгон. Өрт өчүрүүчүлөр барганча үй жалындап, чатыры урап түшкөн. Каза болгон тогуз жана алты жаштагы ага-карындаш апасы менен таенесинин колунда болушчу. Баары тең Кыргызстандын жарандары экени, өрт чыккан учурда балдар үйдө жалгыз болгону аныкталды.

Учурда балдардын апасына тийиштүү жардам көрсөтүлүп жатат. Сургуттагы кыргызстандыктар да колдоо көрсөтүүдө.

Сүрөт интернеттен алынды

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.