УКМК кызматкерлеринин атынан соцтармактарга тараган кайрылуу «фейк»

Окуялар тизмеги 09 Мар 2021 09:44
0 ой-пикир

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет президент Садыр Жапаровдун атына кызматкерлеринин атынан жазылган кайрылууну төгүндөдү. Мекеменин басма сөз кызматы соцтармактарга тараган кайрылуу «фейк» экенин маалымдады.

«Мындай билдирүүлөрдү чагымчыл, атайын кызматтын ишмердигин каралоону каалагандар таратып жатат. Акыркы убакта коррупцияга каршы күрөштүн күчөтүлүшү — пара алуу, опузалап акча алууга, бюджетти уурдоого, аткезчилик жана башка коррупциялык иштерге бут тосулганы — айрымдарга жаккан жок. Ошондуктан, УКМКны шайлоо жараянына кийлигишип жатат деген маалыматтар да атайын жасалган чагымчыл калп. Атайын кызмат тескерисинче шайлоодо саясий, административдик жана башка басым-кысымдарга жол бербөөнүн үстүндө иштеп жатат», — деп жазылган маалыматта.

Атайын кызмат билдирүүсүндө бийликтин кийлигишүүсү менен өткөн 2020-жылкы парламенттик шайлоонун аягы кандай бүткөнүн эскерткен.

Буга чейи «Фейсбукта» президент Жапаровдун атына УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин үстүнөн даттануу жарыяланган. Анда Ташиев кызматкерлерине «мыйзамсыз иштерди аткарууга көрсөтмө берип жатканы» тууралуу жазылып, атайын кызматтын акыркы иштери Ташиевдин «популисттиги жана пиар өнөктүгү» деп сыпатталган. Кызматкерлер Камчыбек Ташиев эми аларды келе жаткан жергиликтүү кеңештерге шайлоодо бийликчил партиянын кызыкчылыгы үчүн иштөөгө, шайлоо жараянына кийлигишүүгө мажбурлап жатканын белгилешкен. Ташиевди төрагалыктан четтетип, кызматтык иликтөө жүргүзүүсүн мамлекет башчыдан өтүнүшкөн.

Сүрөт интернеттен алынды

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.