Жогорку деңгээлдеги алгачкы сапар: 500дөн ашуун мурдагы келишимдин негизгилери ишке ашырылбай келет

Аналитика, Окуялар тизмеги, Статьялар 28 Фев 2021 09:15
0 ой-пикир

Еlgezit.kg порталы президент Садыр Жапаровдун Россияга болгон алгачкы расмий иш сапары тууралуу кенен айтып берет.

Белгиленген эки тараптуу жолугушуу жалпысынан алганда бир топ иш-чаралар менен коштолуп, натыйжалуу болду. Жолугушуулардын натыйжалары боюнча Президент иш сапардын алдында белгилеген максаттарга жетишилди.

Аларга Кыргызстан менен ЖККУ жана ЕАЭБдин тышкы чек араларынын коопсуздугун камсыздоонун алкагындагы өнөкөштүктү улантуу, экономикалык кызматташтыкты күчөтүү, анын ичинде жаңы инвестициялык долбоорлорду ачуу, коронавирус инфекциясынын жайылышына каршы күрөшүүгө биргелешкен күч-аракеттер, билим берүү, илим жана маданият жаатында кызматташуу, эмгек мигранттарынын көйгөйлөрүн чечүү, газ жана күйүүчү майдын тарифтик саясаты кирет. Соода-экономикалык кызматташуу, өнөр жай кооперациясы, саламаттыкты сактоо, айыл чарба, энергетика жана башка тармактарда бир катар жогорку деңгээлде келишимдерге жетишилди.

Атап айтканда, эл аралык маалымат коопсуздугун камсыз кылуу, айыл чарба продукцияларын жеткирүү жаатында товарларды идентификациялоо каражаттары менен маркирлөө системасын түзүү максатында Кыргызстанга кайтарымсыз техникалык жардам көрсөтүү боюнча келишимдерге жетишилди.

„Спутник V“ вакцинасын алынып келинет

Коронавирус инфекциясына каршы россиялык „Спутник V“ вакцинасын алып келүү боюнча келишим түзүлдү. Андан кийин Кыргызстанда калкты эмдөө өнөктүгү башталат. Буга чейин Россия Кыргызстанга гуманитардык жардам катары 100 миң ПЦР-тест берген. Садыр Жапаровдун Россия Федерациясына болгон иш сапарынын алкагында жана КРнын саламаттык сактоо министри Алмазбек Бейшеналиевдин Роспотребнадзордун жетекчиси А. Попова менен болгон жолугушуусунун жыйынтыгынын негизинде, Кыргыз тарабына гуманитардык жардам катары COVID-19 ооруусун аныктоого 1100 миң ПЦР-тест жабдыктары берилди.

Гуманитардык жүк Роспотребнадзордун Борбордук илимий изилдөө институту тарабынан Кыргызстандын Россиядагы элчилигине берилди.

Айыл чарба: Үрөнчүлүк боюнча келишим түзүлдү
4530 тонна буудай алынып келинет

Быйыл таажы вирусуна байланыштуу Кыргызстанда эле эмес, бир топ мамлекеттерде тамак-аш продукциясы кескин кымбаттап кетти. Айрыкча суу май, эт, ун, макарон ж.б. азыктары жогору баада сатылууда. Айыл чарба жаатында үстүбүздөгү жылдын март айынын ичинде техникалык жардам иретинде 4530 тонна буудай, арпа, рапс, күнкарама, сафлор, жасмык жана соя сортторунун үрөндөрүн алып келүү боюнча келишим түзүлдү.

Ошондой эле, орус инвесторлорунун коопсуздугун камсыз кылуу жана өзгөчө кырдаалдарды алдын алуу жаатындагы маселелер каралды.

С-300 зениттик-ракеталык системаны, чабуулчу учкучсуз учактарды жеткирүү жөнүндө келишим

Аскердик-коргонуу кызматташтыгын улантуу жөнүндө тараптардын макулдашуусу маанилүү маселелерден болду. Тактап айтканда, жакынкы мезгилде С-300 зениттик-ракеталык системаны, чабуулчу учкучсуз учактарды жеткирүү жөнүндө келишим. Бул Россиянын Кыргыз Республикасынын жана ЕАЭБ менен ЖККУнун тышкы чек араларынын коопсуздугун камсыздоодо маанилүү салым болуп калат.

Иш сапардын жүрүшүндө, көгүлтүр отунга жана күйүүчү-майлоочу майга болгон баа саясаты, Орус-Кыргыз өнүктүрүү фондусунун ишмердүүлүгү талкууланды.

Гуманитардык-билим берүү долбоорлору жана Кыргызстанда орус тилин сактоо жана өнүктүрүү зарылдыгы ар кандай деңгээлдеги сүйлөшүүлөрдө маанилүү орунду ээледи. Бул боюнча эки президент тең белгилешти.

Кыргызстандын бардык аймактарында окутуу орус тилинде жүргүзүлгөн 44 мектеп-интернатын ачуу боюнча келишим түзүлдү. Билим берүү мекемелеринин курулушу Россия тараптын колдоосу менен ишке ашат. Мектеп-интернаттарга россиялык педагогдор тартылмакчы.

Россия менен Кыргызстандын ортосунда үзгүлтүксүз авиакаттамдарды ачуу жана авиабилеттердин тарифтик торчосун мурункудай кылып өзгөртүү маселеси көтөрүлдү. Бул маселе стратегиялык мүнөзгө ээ, Россия Федерациясында иштеген Кыргызстандын жарандары үчүн өтө маанилүү.

Дагы бир өтө маанилүү иш чара — Президент Садыр Жапаровдун Россиянын ири бизнес өкүлдөрү менен жолугушуусу болду. Жолугушуунун уникалдуулугу мындай иш-чара Кыргызстандын президентинин жумушчу сапарынын алкагында биринчи жолу өткөрүлүп жаткандыгында. Бул Россиянын ири ишкерлеринин Кыргызстандагы өнөктөштөрү менен байланыштарын жолго коюуга жана жаңы инвестициялык багыттарын иштеп чыгууга ачык экендигин айтып турат.

Албетте, бул Кыргыз Республикасынын Президенти Кыргызстанда ийгиликтүү бизнес жүргүзүү үчүн шарт түзүүгө кызыгуусун жана даярдыгын көрсөткөндүгүнүн натыйжасы.

Кыргызстанда орусиялык ири банктардын өкүлчүлүктөрү ачылмакчы

Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргызстанда орусиялык ири банктардын өкүлчүлүктөрүн ачуу маселеси талкууланды. Бул каржылык кызматташтык жана башка бизнес чөйрөлөр үчүн жакшы белги болуп калаары шексиз.

Сапардын алкагында Садыр Жапаровдун Россияда убактылуу жашап жана иштеп жүргөн мекендештер менен жолугушуусу өзгөчө орунду ээледи. Президент Кыргыз Республикасынын жетекчилиги тарабынан эмгек мигранттарынын абалын жакшыртуу үчүн бардык мүмкүн болгон чаралар көрүлө тургандыгын ачык айтты. Ошону менен бирге Президент Садыр Жапаровдун негизги милдеттеринин бири — жаңы инвестициялык долбоорлорду, өндүрүштүк жана өнөр жай аянтчаларын ачуу, эмгек мигранттарына Мекенине кайтып келип, үй-бүлөлөрүнүн жанында иштөөгө мүмкүнчүлүк берген жаңы жумуш орундарын түзүү.

«Жалпысынан иш сапар ийгиликтүү жана жемиштүү болду деп айта алабыз. Эки тараптын тең жумушчу сапарынын жыйынтыгына, жетишилген макулдашууларга жана пландаштырылган иш-сценарийден тышкары талкууланган жаңы багыттарга канааттангандыгын белгилей алабыз», — деди президентинин басма сөз катчысы Галина Байтерек.

Путин үчүн Жапаров менен жолугушуу аны сынап көргөндөй эле болду. Россия лидери орус тилин сактап жатканыбыз үчүн ыраазычылыгын билдирсе, Жапаров көбүнчө мигранттардын маселесин чечүүгө аракет кылды. Путинге Жапаровдун кандай партнер экенин, ага ишенсе болобу дегендей элес калтырды. Жапароду баалоого Путинге убакыт жетти. Бул жолугушуулардан кийин аябай чоң нерсени самоонун кажети жок. Бирок, кандай болсо дагы Садыр Жапаров буга чейинки президенттер менен макулдашылган 500дөн ашуун келишимдердин ишке ашыруусун унутпашы керек. Анын негизгилери аткарылбай келет, — саясат таануучу Айдербек Кусагалиев.

Президент Садыр Жапаров менен Россия лидери Владимир Путин бири-бирине кылыч тартуулашты.

Садыр Жапаровдун айтымында, кылычты кыргыздын мыкты усталары жасаган.

Садыр Жапаров Владимир Путинден коронавируска каршы эмдөөгө кыргыз мигранттарын дагы кошууну суранган.

«Эмдөө программасына мигранттар менен алардын үй-бүлөсүн киргизүүнү, же төлөп эмделүүгө мүмкүнчүлүк түзүүнү сурандым», — дейт Владимир Путин.

Ал эми Владимир Путин Садыр Жапаровго кооздолгон кылыч белек кылды. Бул тууралуу Жапаровдун телеграмдагы баракчасында маалымдалат.

«Владимир Владимирович Путин дагы Садыр Нургожоевичке баалуу металлдар менен кооздолгон кылыч белек кылганы кызык болду. Президенттик протокол кызматы белектерди дайыма кылдаттык менен ойлонуп, аны ар бир персона үчүн тандап эрте эле камдашат. Эки өлкө президенттеринин бири-бирине курал бериши чоң жана тарыхый мааниге ээ», — деп айтылат билдирүүдө.

Эске сала кетсек, буга чейин Садыр Жапаров «Российская газетага» берген көлөмдүү маегинде Россиянын лидери Владимир Путинге кылыч белек кылгандыгын айткан.

Путиндин 6-жолку кол алышуусу

 Путин үчүн президенттин рангында туруп, Кыргызстандын алтынчы президенти менен жолугушуусу Россиядагы толкундоолордон кийин болду. Владимир Путин такта дагы канча убакыт олтурары белгисиз. Ал лидер катары Россия Федерациясын 22 жылдан бери башкарып келет.

68 жаштагы Владимир Путин Орусияны 1999-жылдан бери президент, өкмөт башчы болуп келет.

Кыргызстанда эгемендик жылдары 6 президент алмашты. 1991-жылы мамлекет башына келген Аскар Акаев 2005-жылы март окуяларында өлкөдөн качып кеткен. Анын ордуна президент болуп шайланган Курманбек Бакиев 2010-жылы кандуу апрель окуясынан соң үй-бүлөсүн алып, Беларуска кеткен.

2010-жылы референдум менен мамлекет башына келген президент Роза Отунбаеваны 2011-жылы президенттик шайлоодо утуп чыккан Алмазбек Атамбаев алмаштырган. Алмазбек Атамбаевден кийин 2017-жылы Сооронбай Жээнбеков шайлоодо президент болуп шайланган. Ал быйыл 4-октябрдагы парламенттик шайлоонун жыйынтыгы боюнча нааразылык акциясы массалык тополоң менен коштолуп, саясий кризистен кийин, 17-октябрда президенттик кызматтан баш тарткан.

Аскар Акаев менен Владимир Путин, 24-январь, 2000-жыл
Курманбек Бакиев, расмий түрдө президент болуп дайындалгандан кийин алгачкы чет өлкөлүк иш сапары. 2005-жыл, сентябрь.
Владимир Путин Роза Отунбаева менен
2015-жылдын 21-декабры, Алмазбек Атамбаев менен Владимир Путин
Сооронбай Жээнбеков менен Владимир Путин, 27.06.2020
24-декабрь, 2021-жыл, Садыр Жапаров менен Владимир Путин

Акын Алыкул Осмонов:

«Эй, Россия, Россия! Бир боор энем,

Мен өңдүү тоо кушуна койнуң кенен.

Чын сөздү туура айтуудан таймана албайм,

Биз элбиз, биз кишибиз сени менен«, — деп 1945-жылы Улуу Ата Мекендик согуш аяктаганда эле айткан экен. Анын сынарындай Россия менен Кыргызстандын алакасы ошол мезгилден бери уланып келе жатат.

Эл шайлаган президент эми элдин үмүтүн актап, ансыз деле араң турган экономикабызды артка тартпай, коррупцияны түп-тамыры менен жоё албаса дагы аракет кылып жатканы көңүл жылытат. Ал өзү айткандай, кыйын кырдаалда келди. Эми убакыт берсек, ал иштеп, Кыргызстаныбызга эч пайда алып келбеген митинг-акциялар токтоп, элдин бейпил жашоосу өз нугуна келет деген тилек.

Чечилбей, чыр-чатак менен коштолгон чек ара маселесине да чекит коёт деп ишене туралы…

Даярдаган Жазгүл Урмамбетова

Редакция макала үчүн жоопкерчилик албайт, автордун пикири редакциянын көз карашын билдирбейт.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.