“Инсандын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсүнө жана дене тарбиясына укук коргоо органдарындарында кызмат кылган аялзатынын салымы” аттуу семинар болуп

Окуялар тизмеги 09 Мар 2021 17:47
0 ой-пикир

Кожомкул атындагы cпорт ордосунун “Жаш Муун”
залында “Инсандын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсүнө жана дене тарбиясына
укук коргоо органдарындарында кызмат кылган аялзатынын салымы” аттуу
семинар болуп өттү. Семинарга Ички иштер министринин орун басары,
милициянын полковниги Октябрь Урмамбетов, Саламаттыкты сактоо
министринин орун басары Ализа Солтонбекова, Экономика министринин орун
басары Бекболот Алиев жана башка чакырылган меймандар катышты.
Кыргыз аялдар ассоциациясынын Коопсуздук секторунун төрагасы, Билим
берүү тармагында эмгек сиңирген ишмер, Бүткүл дүйнөлүк полиция
аялдарынын уюмунун мүчөсү, милициянын отставкадагы полковниги Айдаркул
Каана катышуучуларга куттуктоо сөзүн сүйлөдү. Ал белгилегендей,
Президент Садыр Жапаровдун «Инсандын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү жана
дене тарбиясы жөнүндө» Жарлыгы укук коргоо тутумуна дагы тиешелүү.
Ошондуктан июнь айына чейин бардык мамлекеттик органдар ушул жарлыкты
ишке ашыруу боюнча концепцияны иштеп чыгышы керек. Бул семинардын
катышуучулары айтылган концепцияны иштеп чыгууда өз сунуштарын беришип
ошону менен президенттин жарлыгынын сапаттуу аткарылышына өз салымын
кошот деген ишенимин билдирди – Айдаркул Каана.
Ички иштер министринин орун басары, милициянын полковниги Октябрь
Урмамбетов, экономика министринин орун басары Бекболот Алиев, Кыргыз
Республикасынын Ички иштер министрлигинин жашы жете элек өспүрүмдөр
менен иштөө инспекциясынын башчысы, милициянын полковниги Нуржан
Адылова, банк секторунун өкүлдөрү, Президенттин Аппаратынын өкүлдөрү
жана өкмөттүк эмес уюмдар семинарда өз каалоолорун жана сунуштарын
айтышты.
Семинардын алкагында эки сессия өткөрүлдү. Анда Кыргыз Республикасынын
жаңы мыйзамдарынын контекстинде үй-бүлөлүк, гендердик зомбулуктун алдын
алуу жаатында ички иштер органдарынын кызматкерлеринин потенциалын
жогорулатуу жана коомдун мамлекеттик органдарга ишеним деңгээлин
жогорулатуу көйгөйү, мугалимдердин, дарыгерлердин жана аскер
кызматкерлеринин статусу, кадыр-баркы жана баалуулугу мамлекеттин жана
коомдун негизи деген темадагы семинар жогорку денгээлде өттү деди,-
сессиянын модератору эксперт Аслан Кулбаев.
Семинардын аягында, талкуу жолу менен адамдын руханий-адептик өнүгүүсү
жана дене тарбиясы боюнча Концепцияга баалуу сунуштарын иштелип чыкты.

ИИМдин Басма-сөз кызматы

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.